КАРА КӨПӨЛӨК

Таң алды таттуу уйкуда бир түш көрөм,
Түшүмдө жанга ажайып бир иш көрөм:
Зор акын – немең Шиллер калаасына
Эң калың кара көпөлөк жаады көктөн.
Ойгонуп, түрлүүчө ойлоп түшүнө албай:
Даанышман, сөзгө чебер, акылга бай,
Кадырлуу кары Абага жорутууга
Жөнөдүм үйүн карай, тез ылдамдай.
Ал киши бир далайга ойлоп туруп,
Өчө элек, кечеки оттун корун чукуп:
«Э балам, карыялардан укканды айтам,
Асмандан кара көпөлөк түшсө учуп:
Ал жерге, ошол жылы эгин чыкпайт,
Алма, өрүк, түрлүү өсүмдүк, тегиз куурайт.
Суу акпайт, бир гана ысык шамал согот,
Буркурап, күнөөлүүлөр улуп ыйлайт.
Кыдырып шаар ичин кара көпөлөк,
Кор кылып желдеттердин көзүн көзөп,
Адамдын канына мас мырзаларды
Муунтуп жүрөктөрүн бурап өтөт».
Ошентип, чала болот… Бүлүнүшсүн!
Күнү өчүп, бактысыздык түнү түшсүн!
Андагы Шиллер аттуу немец аял, 1
Пушкиндин арбагына күлгөнү үчүн!
25/XII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пятнадцать − 10 =