ЖАЛГЫЗ ӨРҮК

Пароход жай кыдырып Ысык-Көлдү,
Таң сүрө, жол жармынан араң өттү.
Түн бою көз ирмебей из караган,
Алыста маекчинин чырагы өчтү.
Күнгөй жак, «Жалгыз өрүк» барар жерим,
Болжолдуу өз саатында ,келип жеттим.
Бул айыл, туулуп-өскөн айлым эмес,
Антсе да, өз боорумдай жакын элим.
Не көрөм? Баары жаңы көп үй көрөм,
Май айы. Бак-дарактар тең гүлдөгөн.
Жүзү ачык жаңыча өскөн жаш уландар
Шат күлөт, өз дооруна сүйүнгөндөн.
Ак, кызыл, алма, өрүктүн жыттуу гүлү,
Жемиш бак, короо сайын түрлүү, түрлүү.
Баткан күн, аткан таңдын черин жазып
Сайраган сүйүү көркү, булбул үнү.
Ах, заман, сенин аккан агымың шар…
Тең келбес, учкул канат, арышың бар.
Алыста аз жыл жүрүп кайтып келсең,
Боз кыштак – кең көчөлүү жаңы шаар.
Бул жерден, бир убактарда кеткем өтүп,
Ал кездер негизинен кайра өзгөрүп,
Мөмөлөп нечен миң түп өрүк болгон,
Мен көргөн мүрзө үстүндө жалгыз өрүк.
23/XII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

одиннадцать − 2 =