Упайды эки киши же төрт, же алты эң көп болсо он кишиге чейин эки жаат
болуп гана ойнойт. Упайдын байгесин ойногон кишилер өздөрү сайышып ойнойт.
Эгерде эки район же эки селсовет эл ордо, тогуз коргоол, упай, чакмак баарын
ойноп мелдешели дешсе байгеси ошол тарабынан сайылат. Упай ойноонун
тартиби, упай деген оюндун түрү мындай болот. Упайдагы эки дубан же эки
болуш, же эки айыл, же эки эле кишиден ойноло берет. Эгерде эки дубан болсо
үчтөн же экиден киши чыгарып кыйын упайчылардан алып чыгат. Булардын
байгеси да ат же андан чоң, же аз болсун айтушууна жараша болот. Упайда үйдүн ичине катуу калың жаңы кийизден салат көлөмү болсо чарчысы 4 же 5 метр жерге, ал кийизди тегеректеп оюнчулар жана эл олтурат. Бир белгилүү чоң чүкө же саканы кан деп коет. Оюнчулар экиден төрт же үчтөн алты киши болсун чүкөнү үчтөн бир басым деп бардыгы 30 же 40, же 50 басым чүкөнү дандуулап санап коет. Эки тараптан ат калчашат дагы кайсы аты конгон жак мурда калчайт.
Кан башка чүкөлөрдөн обочо тиштебей жатса кан жаткандай бүгө болсо, бүгө,
чиге болсо чиге, алчы болсо алчы, таа болсо таа чүкө менен атат. Аткан чүкөсү
кандан башка чүкөгө тийбей барып канга тийсе канды алып жалгыз коет. Канды аткан чүкөнү үч чүкө атмайынча атпайт. Чүкөнү атканда сөөмөйдүн учу менен гана атат, алганда дагы бармак сөөмөй менен алат. Кокус алып баратканда чүкөсү колунан түшүп кетсе жыдып калат. Чүкөнү үчтөн гана басат. Андан ашып кетсе жыдып калат. Бүгө чүкөнүн үстүндө бир чүкө чигесинен жатса ал экөө атылбайт.
Аткан чүкө башка чүкөгө тийип калса жыдыйт. Маселен кырк басым чүкө болсо кырк басым атып алса ажыраткан болуп эсептелет. Андан кем атып жыдып калса аткан чүкөнү кайра чүкөгө кошуп коет. Жана жыдыгандын өнөгү калчайт.
Алардагы жыдып калса тиги тарапка берет. Ал учурдагы ажыратып кеталбаса
биринен сала бири калчап олтуруп бир киши кырк бир басым алып кетсе ээ, бул ажыратып кетти деп камынат. Калган чүкөнү дагы кыркасы менен калчап бир басым эки басым атып алса дагы чүкөсүнө кошуп ала берет. Чүкөнүн көп бөлүгүн бир тарап алып кетсе, аз чүкө калган тараптын колундагы чүкөгө жараша он басым бий, беш басым бий турушуна ылайык чүкө кошуп, ашык чүкөсүн катып алдык деп оюнга салбай алып коет. Бул сапар мурун калчоодо канды алган жак мурун калчайт. Алар маселен он басымдан жыйырма басым чүкө калчалып жатса он бир басымын каны менен алса ажыратат. Бул үчөө ажырата албай калса берки
тарапка берет. Булар чүкөнү каны менен такыр алып кетсе тигилер жаңкы кыдык алып калган чүкөсүн кайра кошот. Булар канды баштап 20 басымда алып кетсе аларда колундагы 20 басымды бүт кошот. Кан алган мурда калчап бүл чүкөнүн барын көбүн атып алса, калчап бир басым же андан көбүрөөк чүкөнү булар алып
койсо баякыдай аз чүкөгө жараша чүкө кошуп ойной беришет. Үч эле чүкө алган болсо, канынан башка үч гана чүкө кошуп алты чүкө бир кан жетөөнү эле калчайт. Бул жети чүкөнү бир киши гана бүт атып алуу керек. Мурункудай эле абал мурда канда жалгыз атып жалгыз басып туруп алты чүкөнү үчтөн эки басып бир эле киши алат. Чүкөсү көп жак алып кетсе, беркилер куру кол калып, уттурган болот. Бирок кайра салып бермей бар дешип убада кылса алдырды деген жак калчап кырк бир басым алса жандырып кеткен болот. 41 басым алалбаса абыдан уттурган болот. Кайра салып бермей жык болот. Упайдын жыдый боло турган иштери мындай болот. Бүгө менен чигени атса, алчы менен тааны атса, атууга ык кылган чүкөсүнүн жанындагы тийишип турган чүкө
кыймылдап же билер билбес шек берип солк эткендей болуп калса, же огу менен аткан чүкөсү учкашып калса, же тийишип катып аларда кыймылдап бирер шек берсе, же огун тааныбай аткан чүкөм деп жаңылыш алса, же бир чүкөнү атайылап кол сунуп баратып айнып башка чүкөгө бурулса атып алган чүкөсүн алам деп колунан түшүрүп жиберсе жаткан чүкөлөрдү басып алып, же тийип алып козгоп койсо же үч чүкөдөн ашык, же кем болсо жана башкача кокустар менен ооз-мурдунан түкүрүк, насыбайга окшогондор чүкөгө тамса, же жолдошунан ушундай кырсыктар болсо ушулардын бары жыдыды деп эсептелет.
Упай
Датасы: 12.01.2022