ОРДО


Жородо, шеринеде, жай учурларда тамаша кылуу үчүн утушуу үчүн ойнолот.
Ордонун тартиби жеке оюндардын түрү төмөнкүлөрдөй болот. Эки болуштан же эки селсоветтен же эки колхоздон эки киши ордо атышалы деп убада кылат. Анда кайсы жерге атышарын эмне байге саярын канчадан киши болорун. Маселен 2 болуш беттешип калса, бул болушта үч күн тигил болушта үч күн конок алышы турмак болушат. Байгеси ат же согум бээ дешет 25тен 50 киши атышабыз деп 2ден 4 калыс алып чүкө жыйууга 3 киши бардыгы 30 кишини милдеттүү конок деп атына чөп, жем даярлап коет. Болжолдуу жерге барганда 30 же 35 таман болсун деп борбор менен бир жак чийиндин арасын болжоп, ордонун өйүз-бүйүзү 70 таман болот. 4 калыс бир жерде отурат. Ойун санап жана жыдып калгандарды билүү үчүн алардын колуна 25 кишини 3төн оюну 75 ташты берип коет. Бул тараптан жыдыган оюн үчүн тигил тарапка бир таш берип турат. Бир кишиге 5 чүкөнү салып 3 оюн атасың дейт. 249 чүкөнү борборго кандын тегерегине тийиштирип бөгөсүнөн тизип коет. Кан деп он тыйындык күмүштү же мүйүз, же сөөктөн тыйын барабарында кылып жасап туруп ошого ченеп оюн салып коет.
Кан эки оюн үчүн жүрүүгө акылуу болот. Канды тооруп албайт. Олтуруп чүкө
чертип жаткан бойдон чертпей ордунан туруп кайра олтуруп анан кан чертет.
Бир тарап канды жалгыз гана кошпой алса киши башына бирден оюн атат.
Кандын бу калыпкы жана көлөмү 10 тыйындык күмүштөн ашык болбойт. Ордо тизип болгондон кийин калыстан чийден же жыгачтан 2 сөөм 2 эли кылып кесип ордого таштап коет. Ал абалак менен же томпой менен чүкөгө салганда жетип калса олтуруп чертүүгө болот. Жетпей калса абалак томпойун алып кайра атат.
Бул эрежелерин бүткөндөн кийин 2 тарап 2 сол чүкөнү ат калчашат. Кайсы аты конгон тарап мурда ата баштайт. Ордо бузмачы аткычтар алды менен атып чүкөнү ордонун бетине чачыратып жиберет. Балким чүкөлөрдөн наркы чийинден чыгып кетсе кайра дагы бир жак четинен чийинди басып туруп алат. Чүкө чыкпай калса бир оюну өлгөн болот 2 оюну калат. Чачыраган чүкөлөрдөн чийинге жакын бир метр же жарым метр, же карыш жаткан чүкөнү чертмекчилер кадай баштайт. Чийинди басып туруп кадаганда чүкөсү чыгып кетип, абалагы чүкөлөрдү аралап барып жатып калса баякы калыс жыгачты салып көрөт, жетип калса оң жак тизесин бүгүп көчүгүнө баскандай болуп, сол жак бутун тамандап жерди басып туруп, абалакты алып черте берет. Эгер чертип жатканда же тим турганда оозу мурдунан суу жерге тамса жыдып калат. Абалкы отурушта бир гана чүкө чертип кайра турат. Кайра олтурушта бир канча чертип турууга эриктүү болот. Чүкө чертүүгө олтурганда жерди басып турган бутунун тумшугу жаткан чүкөлөрдүн сырт жагын караш керек. Бүктөп олтурган бутунун таман жак тумшугу дагы чачырап жаткан чүкөлөрдүн сырт жагын караш керек. Бүктөп отурган бутунун жерде тамандап олтурган, же бүктөп отурган буттарынан биринин тумшугу жаткан чүкөлөрдү бычактын мизинчелик же андан көбүрөөк аралашкандай болуп көрүнсө жыдып калат. Эгер жыдыганыбыз жок деп бу тарап чыр кылса буттун учуна такай бычак сайып коюп калыстар сындап көрөт.
Бычактын мизинчелик эки чүкөнүн шаңына илинсе жыдып калат. Ар бир
аткычтар бирден жаткан чүкөнү 10—15ин бир ойноо менен атып кетет.
Чертмекчилер кырсыктабай чертсе 20—ЗОдун учу чүкөнү чертип кетет. Бир
тарабы чүкөнү көп алып бир тарабы аз алып калса, аз алган жак бир кишиге 3төн чүкө салып 2 оюндан атат. Чукун деп бир гана атканда айтат. Ордодо кадамакчы, торомокчу, атмакчы ордо бузду дегендер болот. Булар туруп жүрүп ата тургандар. Чертмекчи деген чачылып жаткан чүкөнү сыңар тизелеп олтуруп чертип чыккандарды айтат. Чүкөнү каны менен такыр алып бир тарабы куру кол калса баякыдай кылып тизип берет. Алдырак тарап катуу чымырканып ызалангандай болуп эң бир кылдаттык менен таамайлап атышат. Ордо жакшы бузулуп чүкө бир өңчөй чачылып кадамак турмак жакын барып калса чертмекчилер ичке көп түшсө чүкөнү каны менен такыр алып кетсе, тиги тарапка байге бербей жандырып кетет. Такыр ала албаса уттурган болот. Ошонтип бир тарапка 3төн конуп 6 күнгө чейин эрегишип ордо ата беришет. Бирок тарап кетүү алдырган жактын эркинде болот мындай чоң мөрөйлөрдү шыктуу гана жак бир күндө 4—5 утуп кетүүгө болот өтө кыйын чертмекчи атмакчыларды жаңылап оюнга ала берүүгө болот.
Кадамчы деген чийимди сол буту менен басып туруп эңкейип алып атып
жиберет. Торумакчылар сол буту менен чийинди басып туруп сол колун сыртына карай чабылта оройуп, оң бутун сол бутунун шыйрагына чалып туруп чүкөнү өзүнүн солбак сыртын көздөй абалакты же томпойду чимирип жиберип кайрасынан чийинден чыгарып абалагын ордонун ичиндеги чүкөнү аралатып жиберет. Баякы калыс жыгач чүкө менен абалака жетип калса кадимкидей олтуруп черте берет. Балким ордо бузуп жүргөндө да ичте калып черте берет.
Анан бир сөз ордочунун жыдыгандары чүкө чыгарып жүргөн киши же анын
жолдоштору ордого чүкөнү борбор жагынан өтүп кетип чүкө чийин жагында
калса жыдып калат. Чүкө чыгарып атып же чертип жүргөндө колунан же оозу
мурдунан бир нерсе ордого түшүп кетсе жыдыйт. Аткан черткен чүкөлөр чыгып баратып өз тарабына тийип кайра ордонун ичине түшсө жыдып калат. Кыскача ордонун шарты ушулар болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

тринадцать − восемь =