АРКАН ТАРТЫШУУ


Аркан тартышуу дагы аш той жана келин алуу бала олтургузуу чоң шерине,
чоң үлүштөрдө, бала төрөлгөн тойдо ойнолот. Аркан тартышуунун тартиби;
аркан тартышууга абдан балбан жана салмактуу киши чыгат. Алардын дагы
шымдан башка кийими болбойт. Мойнуна гана бир калпак коюп коёт. Аркандын эки учун туюктап түйүп коюп, эки кишинин мойнуна туюк жагынан илип, боорунан алып барып эки бутунун ортосунан чыгарып кежигесине калпактын үстүнө арканды илет. Элүү саржан жерди теңдеп туруп ортосунан чек кылып туура чийип коет. Бул эки балбан моюндарын жикирейтип белин дүмдүйтүп, жыңайлак буттун бармагын жерге сайылтып, эки колдоп чөптү жер болсо чөптү мычкып чөп жулунуп кетсе жерди тырмап, алынын бардыгынча тырмышып, айласы келсе жерге жабышып калчудай чектен чыгып кетпестин айласын кылат.
А эгерде жигит бутун бир тайдырып жерден козгоп алса, токтотпой сүйрөп
кетүүнүн аракетин кылат. Сүйрөтүп жиберген балбандын жылып бараткан түрү — тумшугун жашырган кашкулактын көрүнүшүндөй болуп колу-буту биригип бооруна чогулуп түйүнчүктөй болуп баратканын көрөсүң. Ошол учурларда сүйрөп бараткан балбандын тарабы «тарта көр эле, тарта көр» деп чуулдашат.
Сүйрөткөн балбан өтө көп жерге сүйрөтпөс үчүн боюнун салмагын салса дагы эки колу арканда болот. (Чектен алыстап кете электе мойнумдан арканды чыгарып жиберсем деген ой менен). Анын өз тарабы дагы жымжырт болуп ызалангансып калат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × три =