КӨЗ ТАҢМАЙ


Көз таңмай деген оюн ашта, тойдо жана келин алуу бала олтургузуу чоң жоро,
шеринелерде, бала төрөлгөндө болот. Ал көз таңмайга ар бир талаптуу киши
чыгат. Мен чыгам деген кишинин көзүн баякы калыс кишилерден келип, байлап бул урук элдин кишисинин көзүн башка бир уруктан чыккан калыс киши жоолук менен жылчыксыз байлайт. Алардын көзү байлана электе элдин орто жерине узун таяктын учуна жоолук байлап жерге бекем сайып койгонун көрсөтөт. Анын байгесин жарчылар мурда угузган болот. Көзү таңылган кишилерди жанакы таякты таап ал деп туш тараптан барып тең кое берет. Мында карап олтурган көпчүлүк элге күлкү пайда болот. Анткени баякы кишилер ар бир жакка темселеп кулачып жайып баса берет. Кээ бир кыраакы сымал кишилер таякты бет ала басканда анын эли «Кургурум — эми түз баскай элең» деген сөзгө келет. Бирок кишинин атын айтып катуу үн чыгарыш элдин калоосунда болбогон үчүн өз ара гана акырын сүйлөп олтурушат. Баякы таякты көздөй бараткан киши өтүп кеттимби деген ой менен кайра тартып же башка жагын көздөй бурулганда эл күлүп калат. Башка бир кишилер бирден басып олтуруп, олтурган элди карай
келатканында болот. Кай бирлери элден озалбай тегеренип жүрө берет. Бул
ортодогу көзү таңылган 20—30 кишинин ар биринин ар бир жакта жүргөндөгү
борумун көрүп эл күлө берет. Кайсы бирлери кулачын жайып баратып бирине
бири урунуп алып, чочуп кетип экөө эки жакка жалт берип кетишет. Анда дагы күлкү кай бирлери бирин-бири кучактап калат. Эгер арык же ийиндүү жерлери дуушар болгондору көмөлөнүп кетет. Анда бир амал болот бир киши таякты көздөй түз баратса анын өз тарабынан бирөөнү белгилүү киши арка жактагы күлүк аттарды бастырып турган балдарда чакырган болуп катуу үнү менен бери эле түз бастырып кел деп артын карап кыйкырат. Ошонун үнүн болжоп баякы киши таякты таап алышы мүмкүн. Бирок андай амалдар мурун эле макулдашып алгандыгы белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четыре × 1 =