УЮМ ТУУДУ


Адам башына бештен чуңкур жасап, ар чуңкурга бештен коргол салат. Анан
корголду бирден алат, ким эң кийин алса, ошол жүрөт. Жүргөн адам беш
корголду алып, өзүнүкүнөн баштап, бир-бирден салып чыгат. Төрт корголдун
бирин «Уюм тууду» деп алат. Анан экинчи адам (коргол салган) корголдун
башынан жүрөт. Анын биринчи чуңкурунда беш болгондуктан ую туубайт. Анан дагы экинчиси жүрөт. Ошентип жүргөндө төртөө болсо, ую тууйт. Эгерде
арасында бир бош чуңкур болсо, анын жанындагы чуңкурдагы корголдун
бардыгын алат. Ошентип ойной берет. Ким көп утуп алса, ошол жеңет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × три =