Айлуу түндө балдар эки тарап болуп, бир жерди белгилеп бир нерсе коет.
(Таш, чапан) ж. б. Андан бир тарап бир карыштай жыгачты (ак сөөлмөк) алып,
ыргытып жиберет. Аны издеп таап алып кайсы тарап болсо да, колунан
тарттырбай алып келип таштаса, бир оюн алган болуп эсептелет. Ошентип ойной берет. Ким паттеге (белгиленген жерге) таштаса, ошол тарапты көп таштаганы эшек кылып минет. Ак сөөлмөктү ыргытып, ошого жеткиче айдай берет. (Минип барат).
АК СӨӨЛМӨК, (Ак чөлмөк)
Датасы: 11.01.2022