КАЛ (таз) ЭЧКИ ЧАПТЫ


Жерден чуңкур казышып, үй жасап, ал үйгө бирден бала таяктын учун
чуңкурга сайып турат. Үйлөрдүн ортосунда ордосу болот. Аны да казып коет.
Андан көр сайды деп, көздөрүн жуумп, ордого сайышат. Ким сая албай калса, эчки деп, бир тоголок ташты ордого айдап келет. Башкалар киргизбей тоскоолдук кылып айдап турушат. Ошентип ташты айдап келген бала үйдөгү балдар тоскоолдук кылып турганда анын үйүнө мурда сайып алса, ал үйдү тартып алып, ал балага ошол үйдү кайтарып турган бала эчки айдашат. Ошентип олтуруп ордого акыры бирөө киргизет. Анда «бай көчтү» деп биринин үйүнө бири келип кирет. Ким үй таппай калганы эчки айдайт. Бул оюнда балдардын санына бир үй кем болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 + один =