ЧАКМАК


Чакмакты эки же төрт, же андан арбын кишилер болуп эки тарап болуп
чакмак алышат. Чакмакка киши башына бештен же ондон таш, же чүкөдөн
алышат эгер өтө чакмакчылар болсо байге сайып ойношот.
Берчиликтин же шооктун ойну болот. Чакмак алышуунун тартиби: чакмак деген оюндун түрү мындай болот. Бештен он киши же үчтөн алты киши эки жаат болуп чакмак алууга мелдешип ар бир оюн сайын бир койдон же андан азыраактан байге сайып беттешет. Бул кишилер эки айылдан же эки топтон же бир айылдан болсун бирден эки эле чакмак алышуга болот. Киши башына 10, 15, 20 таштан ээлешет. Таш деп чүкөдөн алганын айтат, Чоң эмес кичине эмес орто чүкөнүн томологурагынан алышат. Абал мурда ченешип көрүшөт. Ченешмей деп колундагы он беш ташты алаканын өөйдө карата өкчөп жиберип колунун сырты менен тосуп калат. Таштын баары же көпчүлүгү колунун сыртына токтоп калат.
Аны кайра өөдө экчеп жиберип колун таштын үстүнө имерилтип барып уучтап калат. Ал таштардан уучтатпай бирде бири ыргып кетсе колундагы калган ташты гана эсепке алат. Жана бири ошондой чегип көрүп, мунун ташы арбын болуп калса экөөнүн ташын чогултуп алып, бул киши чакмак алмак болот. Эки колун жанаша тосуп туруп жаңкыдай эле чегет. Колунун сыртына 7, 5, 4 чүкө токтоп калат аны азырактан токтотуп калыш чакмакка устачылыгы болот. Себеби жерден чачыранды жаткан таштарды ошол тобундагы ташка карай тартат эмеспи учунда беш таш болсо жерден дагы беш ташты тартып келиш керек.
Маселен колуна бир ташты огум деп кармап туруп бир жарым же эки метр жогору ыргытып жиберип ошол огу кайра келгенче жерден беш ташты ар кай жерден жыйнап уучуна алып жогортон келаткан огун тосуп беш таш менен бирге кармап келип беш ташты жерге коюп, баякы огун дагы ыргытып, жанакыдай кылып олтуруп жерде калган чүкө бешке жетпесе тим гана чогултуп алып, бул сапар бу ташты музоом деп алып коет. Анын жанында музоо кайтарып олтурган кишиси болот. Кайра дагы чегин баякыдай жол менен алат, бирок колдун сыртында канча таш токтоп калса, ошончо чүкөнү жерден алып туруу керек болот.
Ыргыткан огун кармай албай калса жыдып калат. Эгер жерден төрт таш алмак
болсо бир жерде чогуусу менен чокмороктошуп 8,9 чүкө жатса огун үч ыргытым менен топ чүкөнүн улам бир экиден колдун учу менен бери томолотуп жатып бешөө болгондо алып кетет. Огун үч ыргытканда кармабай гана алаканы менен кайра кагып жиберип турат. Бирок ок жай келсин деп эки, үч метр алыс кагат. Ал өтө адистик менен какпаса, ок башка жакка кетип калуу болот. Чакмактын жыдый боло турган жерлери: огун кармай албай калса, жерден тартуучу ташты артык же кем тартса, топту таштын четинен илип тартуучу таштан башкасына колун тийгизип алса жыдып калат. Жана жердеги чачылып жаткан таштарга тийип калса дагы жыдыйт ар бир ченеп алган сайын бирден ташты музоо кылып олтуруп тиги тараптан арбын музоо ашык алса эле уткан болот. Чакмакты бири жыдыганда бири алып кезек менен ойношот. Экиден, үчтөн болуп жаат болуп ойносо бир жаат алып бүткөндө тиги жаат ойнойт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

одиннадцать + девять =