ОРОМПОЙ ТЕБУУ


Оромпойду боз балдар, жигиттер бештен же андан көп киши болуп эки тарап
болуп оромпой тебет. Тийирип салган кишилер оюндан калып олтуруп бир
жааты утат. Оромпойдун тартиби: оромпой тебиш деген оюндун түрү мындай
болот. Балдар 10, 15тен болуп эки жаат болуп бөлүнүп алат. Бөлүнөрдө эки
тараптан эки бала ак сакал болуп чыгып бирден баланы кезек менен тандап алып туруп балдардын барынча бөлүп алышат. Баякы башлык болгон эки бала чөп жашырат, чөп жашырган мындай болот, элден обочорок туруп чөптү үзүп алып, эки алаканына салып оозуна сала койгон болуп, эки колунун бирине жабыштыра коюп, колун жумуп калат. Берки бала барып өзүнүн эки кулагын чукугансып туруп, тигинин бир колун ачып чөптү таап алат да тигилерди баскыла жүккө киргиле деп айдайт. Жарчысы 6, 7 че саржан жерге тегерете короо шекилдүү тегерек тизип койгон балдардын кийимдерин айтат. Оюндун тартиби боюнча тигилер чөптүн ичине кирип, бир бутун бүктөп алып бир буту менен сокоңдоп оромпой тээп жүрө берет. Тиги тарап качырып кирип буларды жаакка, куйрукка, капталга кайсы туш келген жерине алакан менен тартып жиберип качып берет.
Аны кубалап, оромпойчолдор жетип тээп калса, тигилерди чөпкө жерине кууп
барып салышат. Жанакыдай алар дагы аксаңдап жүрө берет. Кайсы бир учкаяк
күлүк балдар оромпойчондорду бөйдө чапдай деп туш тарабынан качырып
кирип, алдастатып көп уруп кетишет. Буларды жыдып калмайы эле
оромпойчоңго тептирип салганы болот. Оромпой тээп жүргөн бүктөп жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

семнадцать − 4 =