ДҮМПҮЛДӨК


Дүмпүлдөк боз бала жана келин-кыздардын оюну болот. Көпчүлүгү түңкү ай
жарыкта ойнолот, күндүз эркек балдар гана ойнойт. Дүмпүлдөктүн тартиби:
дүмпүлдөк деген оюнда дагы балдар эки бөлүнүп алып чөп жашынмай кылып
чөптү таба албай калса ошол тарап жатат. Жатканда балдардын бир тарабы
чокмороктоп, баштарын катып, көчүгүн томпойтуп берет. Алардын үстүн
чапандары менен жаап коюп бир күлүк бала аркандын бир учун жаткан балдарга карматып коюп, бир учун колуна кармап алып, жаткан балдарды кайтарып коруп турат. Тигилер туш-туштан бөйдөй чайдай деп качырып кирип кийиз пайпак, эшкен жоолуктар менен чогулуп жаткан балдарды токмоктоп кетет. Арка кармаган бала улам бирин кубалап тап берип кайра чуркап жатып ал кара сууга түшүп, жинигип калгандай болуп, жүрүп кабылта түшүп, тигилердин бир кашаңырак баласына жетип тээп калса жабыла чурулдап тура калып чүкө байтал деп тигилерди жаткырат. Бул таяк жеп калгандар жанын аябай кашаңдарын аркага коюп, өтө күлүк балдар буларды токмоктоп кирет. Булардын аркан кармап коруп жүргөн баласы өтө шамдагай күлүк бала болсо, жаткан балдарын көп урдурбайт. Бул аркан кармаган баланы бет алып жүрүшү жагынан жана аркасынан кетпей эң бир сак болуп жүрөт. Камалып турган балдардын энөөрөгүн, кашаңырагын байкап туруп, качырып сала берип, байкоосуз турган баланы шамдагайлык менен барып оң буту менен тээп калса, чөктө жаткан балдарын куткарып алат. Бирок чөктөн чыгып барып тебишке болбойт. Чөккө жатпаган балдар чөптүн тышында жүрө берет. Жаткан балдар эч кандай аракет кылууга болбойт. Таяк жебей жатканына эле маашыралып жата берет. Бул эки тарап өчөгүшүп калса, же алардын арасынан бир эки баланын эрегишип жүргөн жери болсо пайпакка таш салып алып чабат. Ал чабуучу баланын кайсы жерде жатканын даана билип туруп чабат. Алардын көбүнчө өчмөнтөйлү болуп калганы
бул оюнда кыз эркек дебей аралашып ойнойт эмеспи. Өзүнүн айлындагы кыз
тигил айылдын баласынын тарабында болуп чөктө бирге жатып калса ошонун ич күйүсү менен аябай чабууга кыжырланат. Же мурда бир урушуп калган балдар болсо баштапкы ичинде жүргөн кеги менен чабат. Аны байпакка таш салып чапканы билинип калса бала айыптуу болуп тогуз шап берип кутулат. Шапты таяк жеген бала өзү алат. Шап деген сөз сөөмөй ортону менен аябай билекке чабат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двадцать − шесть =