ЭЛДЕН-ЭЛДЕН ЭЛ ЧАБАР


Элден-элден, эл чабар деген боз балдар жана 10— 11 жашар кыздардын оюну
болот. Мунуда канча болсо да эки бөлүнүп алып ойнойт. Элден-элден, эл чабар
оюндун түрү мындай болот. Балдар эки бөлүнүп алып чөп жашырышат. Чөптү
таппай калса тиги тарап биринин колун бири кармап кыркасы менен туруп берет. Бул катар тургандар чымырканып, колдорун бекем кармашып туруп, тиги тарапты чакырат.«Элден-элден, эл чабар, чала кыз деген бок чабар» деп чала кыз эркек бала катуу чуркап барып күч менен катар турган балдардын кармашып турган колдоруна катуу тийип өтөт. Аны өткөзбөй токтотуп калса, өз катарына тизип алышат. Эгер токтотуп калалбаса, ортосунан бөлүп азыраак жагын айда кетип өзүнүн тарабына кошуп алат дагы кол кармашып катар туруп, тигил алдырган жакты чакырат. «Элден-элден, эл чабар Итбай деген бок чабар», деп Итбайдагы эң бир кайраттанып катуу барып, бузуп өтөм деп өтө албай калса колго түштү деп аны дагы катарына тизип алышат. Очураты1 менен тигилер дагы чакырса, дагы барып бузуп кетсе кетти, бузалбай калса колго түшүп калат.
Кыскасы кезек менен бир тарабы, бир тарабын чакырып токтонуп калып, өз
тарабына алып качырып барганда буза коюп, бөлүп кетип жүрүп бир тарабын
калтырбай жеңип алганда эң артта калган баланы сен башчысың деп таардап
кетишет дагы кайрадан башка оюнга киришет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двенадцать − три =