ТОКТУ СУРАМАЙ


Токту сурамай деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки тарапка тең
бөлүнүп алып өйүз-бөйүз болуп кырка олтурат. Ар бир балага жашыруун ат коюп
алышат. Чөп жашырынып, кайсы таппай калган жагы тынч олтуруп калып, берки тарабынан бир бала туруп барып тиги тараптын бир баласынын көзүн эки колдоп алаканы менен басып туруп өз тарабынан бир баланы
чакырат, жаңы коюлган атынан айтып. Мисалы Туткожо, Туткожо деп Туткожо келип көзү басылып турган баланы чекеге катуу чертип кетет дагы өз тарабына барып, ордуна олтуруп калат. Көздү басып турган бала, көзү басылып турган баладан күзгүбү, таракпы деп сурайт. Ал бала көзгү деп койсо күзгү деп анын көзүн алаканы менен бек сыдырып кетет. Көзүн сыдырткан бала ордунан туруп басып тиги тараптан туткун деген жаңкы чекеге черткен баланы таап алат. Таап алса колунан жетелеп алып келип өз тарабына кошуп алат. Эгер таппай калып бөлөк баланы кармап калса, ошол тарапка олтургузуп алышат. Андан кийин берки тараптан бир бала туруп барып тигилердин бир баласынын көзүн басып туруп өз тарабынан бир баланы чакырат Чымчык бери кел деп. Жаңы аты Чымчык коюлган бала келип өзү жабылган баланы чекеге катуу чертип кетип барып ордуна олтуруп калат. Көзүн басып турган бала майбы, көмөчбү деп сурайт. Май деп койсо майы деп көзүн сыдырып коет. Ал бала барып Чымчыкты таап алат. Таппай калса ошол топко олтуруп калат. Кыскасы кезек менен ошондой ойноп олтуруп акыры бир тарабы утуп чыгат. Утканы эле бир тарапка бала койбой өз тарабына жыйнап алуу болот. Уттурган тараптын башчы болгон баласын таардап бардык бала тебелеп кетишет. Бул оюн ушул түр менен ойнолуп бүтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать + семнадцать =