УПАЙ (2-вариант)


Упай деген оюн дагы ушул өңдүү көп чүкөнү калчап ойногон оюн болот. Бирок
айырмасы көп упайда канча киши болсо эки тарапка бөлүнөт. Кан деп бир чүкөнү же бир саканы белгилүүсүн кан кылып коёт. Андан башка чүкөлөрдү үчтөн бир басым деп санап, отуз басым же андан аз 28, 26, 20 же 18 басым кылып санап коюп, канды жалгыз коет. Абал мурда байге сайышып туруп ат карчашабыз деп эки жааты эки чүкөнү карчайт. Кайсы чүкөсү конгон тарабы мурун карчап көп чүкөнү атмакчы болот. Чүкөнү карчаганда канды абал мурда атып алат. Кан бүгө болсо бүгө менен, алчы болсо алчы менен кан кандай түшсө, ошондой жаткан чүкө менен эң мурда канды атып алат дагы, канды жалгыз гана басып коёт. Басып койгону обочо алып койгону болот. Андан кийин чүкөлөрдү бүгө менен бүгөнү жаңкындай өз түрүнө карай атып үчтөн басып кандын жанына коё берет. Кыйын упайчы болсо 30 басым чүкөдөн 16 басым атып же андан ашык атып алса ажыраткан болуп ал чүкөлөрдү өзүнө таандык кылып коюп карчай элек жолдошу карчап дагы атып үч чүкөдөн бир басым кылып ала берет. Бир тарапта канча болсо, ошонун барысы карчап атып алышынча алат. Бирок анын жыдып
калмайы болот. Аткан чүкөсүнө тийгизе албай калса, же аткан чүкөсү мээлеген чүкөсүнөн башка чүкөгө тийип калса, же аткандан кийин бир чүкөнү бир чүкө басып учкашып калса, же жандаша жатып калып атылган чүкөнү алайын дегенде жаткан чүкө кыймылдап калса анда жыдыйт. Жыдып калган киши колунда канча чүкө болсо таштап коет. Жыдый электеги алып алган чүкөлөрү өзүнүкү болот.
Жана бир жыдымайы бар чүкөнү атып жатып тим эле жаткан бир чүкөгө тийип алса, ошол чүкө баштапкы жаткан түрүнөн башка болуп өзгөрүлүп калса, анда да жыдыйт. Ошентип берки кийин карчоочу тарабы беркилердин баары жыдып калып атылбаган канча чүкө калса да аны карчап атып ала берет. Алар дагы бүт атып ала албай калса, кайтып беркилер карчап алат. Ошентип чүкөнүн баары атылып болгондон кийин кайсы чүкөсү аз болуп калган тараптын чүкөсүнө өлчөп салып кайра карчашат. Бирок кан бир чүкөгө тийип жатса атылбайт, аткандан кийин тийишип жатса ал бат жыдып калган болот. Оңко болуп калган кан же чүкөлөр атылбайт. Оңко оюн бузат деп коет. Эң акырында үч эле чүкө калса да аны атып алып бүтмөйүнчө карчаша берет. Эгерде бир тарабы үч эле чүкө алып калса берки көп чүкө алган тарабы кандан башка үч чүкөсүн алып чыгып карчаша берет. Карчаган чүкө кан менен жети эле чүкө болсо кан саны менен жетөөнү тең атып алмайынча карчаша берет. Бир тарабы бир дагы чүкөнү тигил тарапка
жибербей алганда чүкөсү жок калган тарап уттурган болот. Байгеге эмине сайса да берет. Жандырмак бар болсун дешип убада кылса көп чүкөнү кан саны менен карчайт. Алдырган тарап анда барып алып кетсе ажырайт, же болбосо ажыратып алганда эле жансын деген убада болсо ажыратып эле алган жанып калат. Ал убакта байге берилбейт. Упай деген оюндун түрү ушундай болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

18 − три =