ТАЛЫМ КЫЗ МЕНЕН КӨБӨКТҮН АЙТЫШЫ

Талым кыз:
Адам зат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында тунарык,
Кирген нуру ким болот?
Асман-жерди жаркыткан,
Ачык нуру ким болот?
Асман жерди бүркөгөн,
Сасык нуру ким болот?
Асман-жердин сыйнаты,
Канык нуру ким болот?
Жан бүткөндүн баарысын,
Тазалаган ким болот?
Жарды дебей, бай дебей
Жабыр кылган ким болот?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру ким болот?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру ким болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун.
Менин атым Талым кыз,
Ченеп мага жологун.
Көбөк:
Адам заат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот.
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру Ай болот.
Арасында тунарык,
Кирген нуру түн болот.
Асман-жерди жаркыткан
Ачык нуру Күн болот.
Жер-асманды бүркөгөн,
Сасык нуру туман дейт.
Жер-асманды жаркыткан,
Анык нуру жылдыз дейт.
Жан бүткөндүн баарысын,
Тазалаган эки көз.
Жарды, байды кейитип,
Жабырлаган суук сөз.
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру жакшы сөз.
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада.
Таптымбы, Талым, сөзүңдү,
Келтирдимби кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү.
Талым кыз:
Жер сиңип кеткен жети атан,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Ысык-Көлдөн ит үрөт,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жан бүткөндөн баарынан,
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган ким болот?
Түндөп-күндөп токтобой,
Көчүп турган ким болот?
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган ким болот?
Көбөк:
Жер сиңип кеткен жети атан,
Жети атабыз эмеспи.
Жерди жемире баскан чал буура,
Түп атабыз эмеспи.
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи.
Жез буйлалуу нар тайлак,
Карындашым эмеспи,
Оргочордон от күйсө,
Эки көзүң жайнаган.
Ысык-Көлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга салал кылбастан,
Алкыш алган байкуштар.
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган чечендер.
Түндөп-күндөп токтобой,
Көчүп турган санаа дейт.
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган бала дейт.
Талым кыз:
Узун-узун, узун жол,
Учун билген ким экен?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбай жүргөн ким болот?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким болот?
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Таттуу кылган ким болот?1
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган ким болот?
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган ким болот?
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ким болот?
Мууну-жүүнүн бошотуп,
Арык кылган ким болот?
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган ким болот?
Көбөк:
Узун жолду узартып,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан казанчы.
Кара сууну кайнатып,
Таттуу кылган туз болот.
Кан төгүшкөн душманды,
Жакын кылган кыз болот.
Калжыраган тантыкты,
Асыл кылган мал болот.
Кайраты бар жигитти,
Баатыр кылган эл болот.
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган тил болот.
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган жин болот.
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ургачы.
Муунун-жүүнүн бошотуп,
нускада — «Каймак алган ким болот?»
Арык кылган убайым.
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган бересе.
Жана сөзүң бар болсо,
Жообун берем бир нече.
Талым кыз:
Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн.
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Казда бүтүн бар бекен?
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу бар бекен?
Кармашканын куткарбас,
Куштун чоңу бар бекен?
Көбөк:
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Каздан бүтүн карлыгач.
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Суудан бүтүн Ысык-Көл.
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу Кумайык.
Кармаганын куткарбас,
Куштун шери Буудайык.
Каргашалуу, Талым кыз,
Ушул кимге ылайык?
Талым кыз, сен да шайтансың
Дагы айтар кебиң калдыбы?
Бар болсо кебиң айтарсың.
Талым кыз:
Акыр заман калкынын,
Алпы белең, эр Көбөк?
Алптардын калган соңунда,
Артыгы белең, эр Көбөк!
Тим жүрбөстөн сөзүңө,
Тийиштик кылдым өзүңө,
Күнөөм болсо кечкин деп,
Күрмөгөн жибим чечкин деп,
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

20 + шесть =