ТАЛИМ КЫЗ

Талим кыз деген падышанын кызы бар экен. Табышмакты кыйын билет экен.
Ал: «Мени менен айтышып, мени ким жеңсе, ошол кишиге тийемин. Айтышып
менден жеңилген кишинин башын кесип өлтүрөмүн» — деп, көп киши менен
айтышып, жеңген кишилерин өлтүрүп койгон экен. Айтышууга эч бир адам
чыкпаган соң, бир күнү Көбөк деген ханга жолугуп: «Сени кыйын акын деп уктум,
сени менен айтышам. Менден жеңилсең хандыгыңды таштап менин атама кул
болгун. Агер мени жеңсең, мен сага тиемин» деди.
Көбөк хан кыздын сөзүн макул көрүп, айтышмак болду. Экөө тең жети
атасынан бери журт сураган падышалардан экен. Экөө тең убаданы бир жерге
коюп,
ошондо Талим кыз баштайт:
Аркы айдын ичинде,
Берки айдын башында,
Желигип кеткен жети атан.
Бу немине болучу?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал немине болучу?
Желини сүттүү куу инген,
Бул немине болучу эле?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Бул немине болучу?
Кара-Тоо башын кар чалды,
Бул немине болучу?
Ала-Тоо башын күн чалды,
Бул немине болучу?
Камыш башы калк этет42,
А немине болучу?
Чийдин башы чилиет,
Бул немине болучу?
Көбөктүн жообу:
Наркы айдын ичинде,
Берки айдын башында,
Желигип кеткен жети атан,
Түпкү жети атаң турбайбы.
Жерди жемире баскан чал буура,
Сенин өз атаңыз турбайбы.
Желини сүттүү куу инген.
Өз энеңиз болбойбу.
Жез буйлалуу нар тайлак,
Талим кыз өзүң эмеспи.
Кара-Тоо башын кар чалса,
Атаңдын ак сакалы болбойбу.
Ала-Тоо башын күн чалса,
Энеңдин элечеги эмеспи.
Камыш башы калк этсе,
Кас элечек болбойбу.
Жекендин башы желп этсе,
Энеңдин бүркөнчөгү турбайбы.
Анда Талим кыз:
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн бар бекен?
Бөрү бөлбөс, жоо чаппас,
Элде бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн, башы эсен
Адамда бүтүн бар бекен?
Таш оодарып салбаган,
Тоодо бүтүн бар бекен?
Арык буруп албаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Анда Көбөктүн жообу:
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн Индистан.
Бөрү бөлбөс, жоо чаппас
Жерде бүтүн Меке де.
Боору бүтүн, башы соо
Адам эмес, «бир кудай».
Таш оодарып салбаган,
Тоода бүтүн Ала-Тоо.
Арык буруп албаган,
Сууда бүтүн Ысык-Көл.
Таптым бекен, Талим кыз.
Акын болсоң карайын
Дагы айтың, Залим кыз.
Анда Талим кыз:
Кара ылачын теппеген,
Казып жерге түшпөгөн,
Канаттууда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Куруп жерге түшпөгөн,
Түшкөнүн адам билбеген,
Куйруктууда бүтүн бар бекен?
Анда Көбөктүн жообу:
Кара ылачын теппеген,
Казып жерге түшпөгөн,
Түшкөнүн адам билбеген,
Канаттууда карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Куруп жерге түшпөгөн,
Куйруктууда куркулдай.
Таптым бекен, Талим кыз.
Акын болсоң карайын
Дагы айтчы, Залим кыз.
Талим кыз:
Сары жылан чиргелең,
Саамал ичкен ким экен?
Куба жылан чиргелең,
Куруп алган ким экен?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким экен?
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген ким экен?
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган ким экен?
Куурчакты кыз кылып43,
Эрге берген ким экен?
Көбөк:
Сары жылан чиргелең,
Саамал ичкен шайтаның.
Кара жылан чиргелең,
Куруп алган шайтаның.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган шайтаның.
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген шайтаның.
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган шайтаның.
Куурчакты кыз кылып,
Эрге берген шайтаның.
Таптым бекен, Талим кыз,
Акын болсоң карайын,
Дагы айтчы, Залим кыз.
Талим кыз:
Алыс менен жууктун,
Ченин алган ким экен?
Ачуу менен таттуунун,
Даамын алган ким экен?
Узун-узун торгундун,
Учунан кыйган ким экен?
Кыска-кыска торгундун,
Түбүнөн кыйган ким экен?
Эки жыгач боорунан,
Эптеп жеген ким экен?
Чырканактын түбүнө,
Үйүн тиккен ким экен?
Эки таштын ортосуна,
Отун жаккан ким экен?
Көбөк:
Алыс менен жууктун,
Ченин алган — жолоочу.
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан — ашмачы.
Узун-узун торгундун,
Учунан кыйган — уукчу.
Кыска-кыска торгундун,
Түбүнөн кыйган — түндүкчү.
Эки жыгач боорунан,
Эптеп жеген — кырмачы.
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып жеген — чертмекчи.
Чырканактын түбүнө,
Үйүн тиккен — саятчы.
Эки таштын ортосу,
От жакканың — жылкычы.
Таптым бекен, Талим кыз,
Акырын кеп айтышып.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5 × 1 =