НУРМОЛДО МЕНЕН МУСАНЫН ТАБЫШМАКТУУ АЙТЫШЫ

Нурмолдо:
Долононун топ бутак,
Токулдаткан ким болду?
Эки жыгач боорунан,
Эп кыйдырган ким болду?
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган ким болду?
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан ким болду?
Тумшугу жок куш салып,
Турна алдырган41 ким болду?
Ала-Тоонун боорунан,
Ат ойноткон ким болду?
Кара-Тоонун бооруна,
Казан аскан ким болду?
Он эки та бээ бар,
Алтоо бооз дегеним,
Алтоо кысыр дегеним,
Кара кашка дулдулдун,
Сойгон жери кайсы жер?
Чын Мухаммед өзүнүн,
Койгон жери кайсы жер?
Баркырак сары жылдыздын,
Баткан жери кайсы жер?
Бар олуя биригип,
Жаткан жери кайсы жер?
Тоголок сары жылдыздын,
Баткан жери кайсы жер?
Топ олуя биригип,
Жаткан жери кайсы жер?
Казы ылачын теппеген,
Казда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Жээ тору ат таман баспаган,
Жерде бүтүн бар бекен?
Жам Кулубек чаппаган,
Кенде бүтүн бар бекен?
Муса:
Долононун топ бутак,
Токулдаткан токмокчу.
Карагай менен ыргайдын,
Башын бууган түндүкчү.
Эки жыгач боорунан,
Эп кыйдырган комузчу.
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган челекчи.
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан жылкычы.
Тумшугу жок куш салып,
Турна алдырган тузакчы.
Канаты жок ок салып,
Каз алдырган мергенчи.
Казан аскан саятчы.
Он эки та бээ бар
Алтоо бооз дегениң,
Алтоо кысыр дегениң,
Үч ай, токсон, үч ай кыш,
Үч ай жаз, үч ай күз.
Кара кашка дулдулдун,
Сойгон жери Мекедир.
Чын Мухаммед өзүнүн,
Койгон жери Мекедир.
Баркырак сары жылдыздын,
Баткан жери Мекедир.
Бар олуя биригип,
Жаткан жери Мекедир.
Жээ тору ат таман баспаган,
Жерде бүтүн Индостан.
Жам Кулубек чаппаган,
Кенде бүтүн Индостан.
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн куркулдай.
Каз ылачын теппеген,
Казда бүтүн карлыгач.
Табышмагың таптымбы,
Оозуңду жаптымбы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × четыре =