АЙГАН КАНДЫН БАЛАСЫ ӨЛГӨНДӨ КЕТБУКА КОМУЗДУН КҮҮСҮ МЕНЕН УГУЗГАНЫ

Айган Алты шаардын каны болуп, ордосу Уч деген жерде, кан уюгу деген ордо
болуп, тагы Уч болуп аталган. Бара-бара Турпан деген атак пайда болот. Бул шаар
Уч жерге салынгандыктан Уч, үчкө айланып, Үч турпан болуп кеткен. Бул жердин
каны Айган болуп, баласы токтобой өлүп турат. Бир баласы токтоор бекен деп
ырым кылып, жарташтын бооруна атайлап үй салдырып ошондо бактырат. Бала
6—7 жашка келгенде жемиш менен кара курт барып, баласы Канбачаны
чагып өлтүрөт. Калк чогулуп, Кетбука деген комузчу комуздун күүсү менен
угузат.
Кетбуканын күүсү:
Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты Айганым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты Айганым.
Алтын така күмүш мык,
Дулдул качты Айганым.
Алтын туур ордунан,
Туйгун качты Айганым.
Алтын ордо багынан,
Булбул качты Айганым.
Деңиз толкуп чайкалып,
Көл бөксөрдү Айганым.
Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү Айганым.
Ала-Тоо кулап бас болуп
Бел бөксөрдү Айганым.
Берекелүү нур качып,
Эл бөксөрдү Айганым.
Төрөлөрдүн уругунан,
Төл бөксөрдү Айганым.
Агын дайра соолуп,
Көл бөксөрдү Айганым.
Кара жандан таптаттуу,
Ынак көчтү Айганым.
Касиети башкача,
Чырак көчтү Айганым.
Айгандын жообу:
Кет-кет Кетбука,
Кеби суук ит Бука.
Карап турган кашыңда
Кашыңда курсун ит Бука.
Күү менен сүйлөгөн
Сөзүң курсун ит Бука.
Комуз чертип ырдаган,
Ырың курсун ит Бука.
Кара жанды кашайткан,
Чырың курсун ит Бука.
Атайы келген алдыма,
Ишиң курсун Кетбука,
Комуз чертип жоруган
Түшүң курсун Кетбука.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

одиннадцать + 17 =