Жол узуну не болот? Чөп узуну не болот? Элдин чоңу ким болот? Токтобостон агуучу, Суунун чоңу не болот? Оңой ушул нерсени, Кана тапчы сен ойлоп? — Жол узуну — кыя-адыр, Чөп узуну — мыядыр. Элдин чоңу — карыя, Токтобостон агуучу Суунун чоңу — дарыя. Кана айтчы табышмак Оозуң минтип жабылмак.