Мугалим жөнүндө ода-Исабек Исаков


Көрсөм дагы тоонун тунук булагын,
Көрсөм дагы жаздын күлгүн убагын.
Сезимимде булак, жаз, күн сен болуп,
Жүрөгүмдө тиккен кызыл тууларың.

Көз алдымда кыроо чачың, басканың,
Кыял-жорук, шашпай сулуу жазганың.
Мен балапан канат жайсам алыска,
Өзүң болдуң кең жол, учаар асманым.

Көз алдымда сылап маңдай, күлгөнүң,
Бүчүр жарыл, сепкен үрөн гүлдөрүң.
“Алиппеңдин” алгач бетин ачып мен,
Али эсимде “А” ны жаттап билгеним.

Бир өзүңдө бүтпөс дүйнө барчылап,
Караар элем кыял күүсүн камчылап,
Акылдуу бол, ардактуу бол дегениң,
Сезимимде күйүп турган шам чырак.

Жан шооласың жаркып чыккан булуттан,
Көл, дайрасың көлкүп чыккан туюктан.
Жакынымсың, ардагымсың унутпас,
Жүрөгүмө тарбияны уюткан.

Көрсөм дагы энекемдин мээримин,
Көрсөм дагы далай өмүр шеригин,
Бирок али көз алдымдан кетелек,
Билим берип жакшы көргөн мээримиң.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пятнадцать − 1 =