Агайларыма – Назбүбү Эгембердиева

Мени окуткан агайлар ал кездеги,
Зыңгырыган жигиттер галстукчан.
“ШП” түгүл шыбырап айттырышпай,
Акыйкатты ишинде калыс туткан.
Келесиңер улгайып барган сайын,
Бирок дале тайыбай калыс нуктан.

Темаларды мээге орнотуп коюшчу,
Лекцияда китеп, дептер карабай.
Алып кетчу ажайып бир дүйнөгө,
Интеграл, функцияларды аралай.
Сезимдерде дарс окуган тезгили,
Сеңсел чачын тарап коюп салаалай.

Алтымыштан ашты азыр курагым,
Өстүм, өндүм, мен да үй-бүлө курадым.
Окутуучу адистигин аркалап,
Эже-агайлар жолуңарды уладым.
Силер менен кездешкенде өзүмдү,
Тээ, илгерки студенттей туямын.

Өтөөр жылдар чубалышып дагы айлар,
Күн артынан ээрчий берээр ар айлар.
Жаш муундарга билим берген силерге
Карылык да жологондон абайлаар.
Узак жолдо Тайторудай талыкпай,
Узун өмүр сүргүлөчү агайлар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

15 − десять =