(Интермедия)
Күндөрдүн биринде окуубуз бүтүп, мектептен чыкканда жакынкы
аялдамада бир тобубуз машина күтүп туруп калдык. Толугураак келген бир окуучу, кичирээк классташынан сурап калды: -Сен үйгө келээриң менен кандай ишти жасайсың?
Кичирээк: – Бүгүнк ү сабактардан кандай тапшырма бергенин карап, унута электе аларды аткарам.
Чоңураак: – А, тамак ичпейсиңби?
Кичирээк: – Тапшырмаларды аткаргандан кийин ичем.
Чоңураак: – Ачка болбойсуңбу?
Кичирээк: – Эртең менен тамак жүрөгүмө барбайт. Ошондуктан эс алуу учурунда анча-мынча шам-шум этип алууга апам акча берет.
Чоңураак: Эртең менен тыгынып эле жеп-ичип алам. Анык түгөт сен турбайсыңбы, күнүгө акча короткон! Балдар каткырып калышты.
Кичирээк өзүн ыңгайсыз сезди.
Чоңураак: – А мен болсо келээр менен портфелди ыргытып, ашканада алма
болсо, карс-курс чайнап тамак жылыганча бир-экөөнү жеп жиберем да, тамакты кулкулдатып ичип ием. (Тишин карсылдатып, оозун чоң-чоң ачып, тилин кайра-кайра чыгарып, башын койколоңдото берди).
Балдар катуу каткырышты.
Кичирээк: – Этика сабагын окубадык беле, кебетеңди бузганың адепсиздик.
Чоңураак: – Мектептен башка жерде турганыбызды билбейсиңби? (колу
менен тап берет.).
Кичирээк: – (ыңгайсызданып) этиканы бардык жерде сактоо керек! Аңгыча автобус келип, балдар кетишти. Мен өзүмчө алар жөнүндө ойлонуп турсам,
бизди н автобус да келди. Балдардын жоруктарынан интермедия жазып койдум.
Эмесе балдар, бардык жерде этиканы сактоону унутпайлы!
МЕКТЕПТЕН ЧЫККАНДА
Датасы: 16.01.2022