Албетте, жаратылыштын ар бир мезгили өзгөчө. Ар бир мезгилдин өзүнүн керемети бар. Айрыкча кыш мезгили өзүнүн таптаза ак кары, каардуу мүнөзү, ышкырык ызгаары менен айырмаланат. Ошол эле учурда адамдар жаратылыштын сырларынан, өзгөчө жана унутулгус көз ирмемдерден ырахат алышат.
Кара жерди каптаган ак жумшак кебез айлананы көркүнө чыгаргандай болду. Бул мезгилди ар ким чыдамсыздык менен күтөт. Алардын бири чана тээп, бири бийик тоолорду, адырларды карай бет алат. Аянтчага коньки тебүүгө келгенде башка кеп. Колдорунда чана кармаган балдар, жүздөрүн күлкү каптаган адамдар, баары кыштын суугуна эмес, анын жылуу нуруна, күндүн жылуу нуруна түшкөндөй кубанышат.
Талаанын табияты жайбаракат, бейпилдиктин абалында тургансыйт. Алатоо менен бийик кырка тоолордун кышкы көрүнүштөрү көздүн жоосун алат. Чокусунда дайыма кар баскан Ала-Тоо өлкөбүздү көркүнө көрк кошуп тургандай. Акындар, ырчылар ырдаган тоолорубуз кышында өзгөчө кооз.
Кышты чыдамсыздык менен күтүп жатканыбыздын дагы бир себеби – Жаңы Жыл майрамы. Бул майрам кичинекей баладан карыяга чейин күтүлүп жатканы айдан ачык. Балдар аяз ата жасап, балатыларды кооздошот. Аяз атадан белек күтүшөт. Ар бир адам жакындарына каалоо айтып, белектерин берет. Кылычтын кычыраган кышында бизге тартуулаган кызыктуу жана кубанычтуу нерселер бар. Кыш мезгили ушундай унутулгус окуяларга бай деп айтууга толук негиз бар. Кыштын кереметтүү жана унутулгус мезгилдери жарык чачып, жакшы маанай тартуулайт.