Ысык-Көл — кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,
Көрүнбөй тереңинде жылтылдаган.
Ысык-Көл — кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган,
Замандар кербенчидей чубап өтүп
Чарчаса саясында салкындаган.
Ысык-Көл — күрдөлдүү көл күрпүлдөгөн,
Көркүнө көктөн башка сүртүнбөгөн;
Көк түсү таалай көркү, ырыс көркү,
Толкуса толкундары түркүмдөгөн.
Көзү курч, көкүрөгү бек уландары,
Пейли кең, берешен кол адамдары,
Ысык-Көл, касиетиңен айланайын,
Сыйла, сүй бакыт берген замананы.
19/XII 1945
Койсары
КЫРГЫЗ КӨЛҮ
Датасы: 29.12.2021