Карап турсаң дүйнөнү Уйгу-туйгу тунарат, Анын сүрдүү иреңи Кызарат да кумсарат. Жоругу жаман тентек ок, Кээ бир жерден чуу этет. Казатка көнгөн жаш жүрөк Коркпосо да шуу этет. Согуштун жели сокпосун, Дүйнө жүзү тынч алсын. Тынчтык үчүн өлгөндөр Жайлуу жатып уктасын. 19/XII 1945 Койсары