КОМАНДИР КЫРГЫЗ

Кана келчи олтур бирге сынайлык,
Маанилүү кеп, жеңил ойлук кылбайлык.
Мына, ха-ха! Кудум эле өзү экен,
Кыргыз уулу командирге ылайык.
Көрсөң өңүн, сүрдөп кете жаздайсың,
Сунса колун, батып кармай албайсың.
Октон коркуу адети жок буларда
Неге эртерек бомба бере салбайсың.
Эмесе ал атка мингиз, карашсын,
Командирлер катарына жарашсын.
Саналды бу, кана маузер тагып кой,
Чакан, чымыр денесине жарашсын.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз –
Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди.
Командир жээрде атчан,
« Бир – эки,
Бир – эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып,
Шып этип бурулуп,
Кылычтар кыңгырап,
Кынынан суурулуп.
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап.
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак.
Зуулдап жөнөштү
Төрт-төрттөн катарлап.
Мына айттым: кантип анан жакпады,
Көрүп сынап доктор аны мактады.
Болот окшош баатыры деп өлкөнүн,
Күнгө күйгөн далысына таптады.
Чын эле ал кең далысын өлчөтүп,
Былк эттирбей кап-кап эгин көтөрүп.
Бышкан дене, жоон кара билектен,
Чоюнга окшош, булчуңдарын көрсөтүп.
Жапайы тоо аскасы өзү сүйлөнгөн,
Жолборс, илбирс айкырып таш үйлөрдөн
Кыргыз эли жигиттигин жибербей,
Ушуну аткан, баатырлыкты үйрөнгөн.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз
Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди
Командир жээрде атчан:
«Бир – эки,
Бир -эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып,
Шып этип бурулуп.
Кылычтар кыңгырап
Кынынан суурулуп.
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап.
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак.
Шуулдап жөнөштү,
Төрт-төрттөн катарлап.
Кыргыз уулу мына ушуну жактырды,
Атка минди, кызыл форум тактырды.
Союл чапкан колуна алган беш атар,
Эми кыргыз, өзүн көрүп каткырды.
Торпок минип оодарышып алышкан,
Жаш кезинен атка үйрөнүп калышкан
Тоодогу өскөн тор атынын күчү бар,
Кете берет замбиректер ташытсаң.
Командирдин командасы негиздеп,
Көрөрсүңөр көктү да алып беришет.
Байкарсыңар, мейли өзүңөр көргүлө.
Кыргыз эли кылычка уста келишет.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз,
Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди.
Командир жээрде атчан:
«Бир – эки,
Бир – эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып,
Шып этип бурулуп,
Кылычтар кыңгырап.
Кынынан суурулуп,
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап.
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак
Шуулдап жөнөштү,
Төрт-төрттөн катарлап.
Келген мүчө көрчү өзүңдү каратат
Булар окту окко салып санатат.
Оңго, солго өз тилинде кыйкырып
Взвод артта Буденныйча баратат.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Көктө, бомба, мейли газдар чачылсын,
Жерде танка, замбиректер атылсын.
Командирлер атка дароо минишет,
Эр болушса кана келип катылсын!
Тынчтык сүйгөн эли кенен дем алат,
Кыргыз уулу качан болсо келе алат.
Ал катарда эр командир ар качан,
Замбиректин огуна ок бере алат.
Взвод, түз тур!
Командир кыргыз
Команда берди.
Тор атчан, боз атчан
Тизилип келди.
Командир жээрде атчан:
«Бир — эки,
Бир — эки!»
Команда берди.
Ойноктоп ат ыргып
Шып этип бурулуп.
Кылычтар кыңгырап
Кынынан суурулуп.
Командир бир карап,
Дүр этип ар тарап,
Атчандар аттарын
Секиртип тапатак.
Шуулдап жөнөштү,
Төрт-төрттөн катарлап.
1935

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9 − 6 =