КУЛКУНУ ЖАМАН КУЛАЛЫ


Көпкө басып чаар тоок
Балапанын чыгарды.
Чыгар менен жем издеп,
Туш-туш жакка чубады.
Учуп жүрүп айланып,
Көрүп калды кулалы.
Каркылдап жыйнап ала албай
Байкуш чаар тоок куурады.
Коргосо да канчалык
Жаш балапан көнбөдү.
Салпылдап келип кулалы
Бирин илип жөнөдү.
Бир жөжөсүн алдырып
Чырылдады байкуш тоок.
Боору ачып, жүрөгү
Зырылдады байкуш тоок.

Каныккан жемге кулалы
Эртеси да келди учуп.
Чычкан аңдып сарайда
Жаткан эле бир мышык.
Балбалактап бут созуп,
Алам деди мышыкты.
Андан мурун чап илип,
Мышык салды кызыкты.
Жан соогалап тыбырап,
Кулалыдан үн чыкты.
Кайгылуу тоок бакырат,
Же дегесип бузукту.
Адегенде булардын
Кимиси салды бузукту?
Күнөөлүсүн тапкыла
Кулалыбы, мышыкпы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 + двадцать =