КУЛКУНУ ЖАМАН КУЛАЛЫ


Көпкө басып чаар тоок
Балапанын чыгарды.
Чыгар менен жем издеп,
Туш-туш жакка чубады.
Учуп жүрүп айланып,
Көрүп калды кулалы.
Каркылдап жыйнап ала албай
Байкуш чаар тоок куурады.
Коргосо да канчалык
Жаш балапан көнбөдү.
Салпылдап келип кулалы
Бирин илип жөнөдү.
Бир жөжөсүн алдырып
Чырылдады байкуш тоок.
Боору ачып, жүрөгү
Зырылдады байкуш тоок.

Каныккан жемге кулалы
Эртеси да келди учуп.
Чычкан аңдып сарайда
Жаткан эле бир мышык.
Балбалактап бут созуп,
Алам деди мышыкты.
Андан мурун чап илип,
Мышык салды кызыкты.
Жан соогалап тыбырап,
Кулалыдан үн чыкты.
Кайгылуу тоок бакырат,
Же дегесип бузукту.
Адегенде булардын
Кимиси салды бузукту?
Күнөөлүсүн тапкыла
Кулалыбы, мышыкпы?

КӨПӨЛӨК


Кармап алдык талаадан
Калдыркан чаар көпөлөк.
Карагайдын ичинен
Кыргый куудук бөпөлөп.

УЛАР


Илек-илек кашка куш
Чөкөтаан деген башка куш
Улуу тоодо улар куш
Уларды кудай унуткан.
Кез-кезине келгенде
Бүркүт кууп куруткан.

ТУРУМТАЙ


Куу-куу турумтай
Бетегенин түбүндө,
Беш балаң калды турумтай.
Суунун ичи шыргалаң
Сууда калды бир балаң
Муздун ичи шыргалаң
Музда калды бир балаң

КАРКЫРА

Каркыра турна желе тарт.
Желе тартсаң узун тарт.
Жездекеме салам айт.
Жете албасаң кайра тарт.

КААК-КААК КАРГАЛАР

Каак-каак каргалар,
Камыш түбүн корголор.
Эштек байдын эки кыз,
Эшек минип жорголор.
Эшегине корголор.

Чыйырчык дос А. Токтомушев

Каралыгын көмүрдөй.
Түрүң баркыт өңүндөй,
Кайда жүрдүң чыйырчык
Күздөн бери көрүнбөй.

Келсе экен деп айылга,
Сени күттүм айылда.
Ала шалбырт жаз менен,
Уя салдым бутакка.

Сен кичине баатырсың.
Ыйык жана асылсың.
Чегирткени терип чык,
Жердин көркү ачылсын.

А. Токтомушев