КАРЫЗ АКЧА

Туулган жерине кетүү үчүн акчага муктаж болгон бир жаш адамга америкалык физик, философ жана мамлекеттик ишмер Бенжемин Франклин ушундай бир кат менен жооп берди:

– Урматтуум. Сентябрдын 15инде жиберген катыңызды алдым. Абалыңызды түшүндүрүп жазган катыңыз мени аябай капа кылды. Сизге он алтынга барабар бир чек жибердим. Бул бир садага эмес, карыз. Туулган жериңизге барганда бул карызды бере ала тургандай бир иш таба алаарсыз. Ал жерде сиздин башыңызга келгендей абалда болгон бир кедейге жолуксаңыз, мага болгон карызыңызды ошол адамга берип коюңуз. Ушундай жол менен мени ыраазы кылып, байкуш бирөөнө жардам берип, карызыңызды да төлөгөн болосуз. Бирок карыз берген кишиге айтып коюңуз. Бутуна тургандан кийин сизден алган акчаны башка муктаж болгон кишиге берсин. Ушинтип он алтыныбыз бир жаман кишинин колуна түшкөнгө чейин, бир канча кедейге кызмат кылган болот. Ушул жол аркылуу аз акча менен көп жакшылык жасоонун жолун таптым. Сиз сураган, менин бере турган акчам саналуу болгондуктан, ушундай кылууга мажбур калдым. Абалыңыздын эң кыска убакытта оңолушун тилеп, сизге ысык салам айтып, катымды аяктайм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четыре × 1 =