ЧОҢ ЭНЕМДИН АЙДЫҢЫ

Тилек эртең менен эрте тура калып, үйдөн атып чыгып эле “Көк-Ой” делген жашыл мейкинди карап алмай адаты бар. Бир жолу да ошол талаадагылардан мурда ойгоно албаганына арданды. Улуу-кичүү дебей жабалактап иштеп жаткан экен. Ушул бүгүн ичи аябай күйдү. Ал жерде Өмүрбек, Жибек, анан дайыма эле кычыктап сүйлөп тийишип туруучу Жумабек иштеп жүрүшөт. Шашкан бойдон үйгө кайра кирип кийине салды да, наар албай балдар менен чоң энеси жүргон талаага жөнөдү. Алар иштеген жерге жеткенде оозунан сөз чыкпай чоң энесинин этегине оролуп алып, эртең мененкидей солуктагандай ыйлады. Дайым кеч калганына ыза болгону бул. Бел кырчоосуна чейин шүүдүрүм суу болгон байбиче кетменине таяна калып, артындагы уйгактай жабышкан небересине кылчая карады:
—Сага эмне болду? Тура эле турбайсыңбы. Мен эми үйгө барат элем да. Чогуу келмекпиз.
—Эмнеге ойготпой кеттиң? — Өпкө өпкөсүнө батпайт бакыра албай.
—Сен кичинекейсиң да. Түштөн кийинки жумушка келет деп, уктай турганыңы туура көрдүм балам.
—Өмүрбекчи?
—Ал чоң бала. Он экиге чыккандарды илгери жигит деп, жоого аттандырчу. Сендей кичинекейлердин жилигин какшатпайлы деп жүрбөйбүзбү.
—Мен да чоңмун.
—Дымагыңдан айланайын. Чоң эле боло кой. Мен макулмун. Эртең эрте ойготуп өзүм менен кошо ала келем. Болду эми ыйлаба. Балдар көрүп калышса, шылдың болосуң,— чоң энеси небересинин башынан сылап эркелетип, тыйып койгонун балдардын бири да көргөн жок.
Тилек да тып басылып, картошканын түбүнө отура калып, отоо чөптөрүн жула баштады. Чоң энеси болсо табактай болгон кетменге кара топуракты сузуп алып, ар бир түп картөшкөнү опуйтуп түптөйт.
—Бул акыркы жолкусу — дейт, небересин кадыресе жооткото. — Күзүндө көрөсүң го иттин башындай болгонун. “Музоочук муңдурбайт” деген эле ушул. Жалаң эле бул айылдын кыздар балдары отоп-түптөп жайлы-жайлата багып өстүрүп алышты.
—Жер сеники да чоң эне? — балдарды мактаганына ичи тырыша түшкөн Тилек бурк этип койду, башын көтөрбөй.
—Меники деген эмнең? Колхоздун жери да. Биздин звеного гана бөлүнгөн жер дебесең. Бүгүндөн баштап сени да өзүбүзгө кошподукпу, Тилебай.
—Ии,— небере мулуюп күлүп, ичинен кубанып кетти.
—Анда эмнеге балдар сенин чоң энеңдин айдыңы деп атышат?
—Айылдагылар ошентип коюшат тура. Балдардын эмне менен иши бар. Чоңдорду туурап жүрүшөт да.
—Алар эмнеге антишет? Өзүң колхоздуку деп жатпайсыңбы?
—Колхоздуку кулунум, колхоздуку эмей.
—Мен ошентсем балдар күлүп “кайра чон, энемдин айдыңы” деп кубанбайсыңбы дешет. Алар түшүнүшпөйт ээ, чоң эне?
—Алар ата-энелерин туурап жатышпайбы? Бул айдыңдын өзүнчо таржымалы бар балам. Сен кайдан билет элең. Илгери-илгери колхоздошуп калдык. Илге ри эмей эмне, андан бери көп жыл өттү. Анда чоң атаң экөөбүз жүзүбүздөн кырообуз түшө элек жапжаш болчубуз.
Тилектин чоң энеси бирде картошкө түптөп топурак үйүп, бирде эңкейип көрүнө калган отоону колу менен жулуп солдун башына чыгып баратты.
—Айылдын улуу-кичүүсү болуп ушул сен экеөбүз турган жандоого чогулушту. Баарыбыз кыркаар тартып уй мүйүз болуп отурабыз. Алабата деген кудай бетин салбасын, ошол жылы укмуш чыккан. Анын түбүнүн жоондугу калп айткан кишиге менин билегимдей бар. Жалбырагын айтпай эле кой, тири шумдук. Арасына кирип кетсең, төбөң да көрүнө турган эмес. Чогулгандын баарысы карсылдата жыгып алып үстүнө олтурдук.
Баягы заман болсо кайдан. Адамдын изи түшпөй, чычкан гана жойлоп мелтиреп турмак да.
— Кайсы заман, чоң эне?
—Кеңешке чейинкисин айтам, Анда тигил бай, бул бек болуп жер-сууну да бөлүп алышчу. Ууз кымызга көпкөн кызыл чоктор эч нерсеге жарабай кур сагын сылап жатса да, өз жерине из тийгизбей ээн тур чу. Мен айтчу күнү ушул тараптагылар бирибизден бирибиз уламыштап отуруп бүткүлүбүз менен келиппиз. Чогулган элдин ортосуна туруп алып кыска кайыш бешмант кийген шыңга бойлуу, кара торусунан келген адам көпкө сүйлөдү, отургандарга ардеме, бирдемени кайра-кайра чечмелеп түшүндүрүп жатты. Анын айт кандарынын бири акылыбызды араласа, бирине жете бербей делдейип отурганыбыз көп. Ал киши “заман жаңы. Ал сеники, сеники” деп ар кимибизге ээлик кыла сүйлөп жатты. Ансайын мурда заманга ээлик болмок тургай чычкак улак менчиктебеген биздин кубанычты айтпа. Айтаарга сөз, дээрге алкыш оозго кир сечи.
Улам бир жерге барып, чон энеси түптоп жаткан жерге отура калган Тилек сөзгө кулагын тошогонү менен эки колдоп картөшкөнүн сабактарынын ичине өскөн отоолорун жулуп ыргытып жатты.
Аңгыча ойдун аягында жүргон Жибек чыйылдап калды:
—Чоң эне, Өмүрбек картөшкөнүн түбүн чукуп жатат. Чоң эне-ее? — анын үнү оозун бирөо баса калгандай, андан ары думуга чыкты. Ал эми чоң энеси болсо атайын баш көтөрбөй кетмен менен кара топуракты сузуп алып, бажырайып турган жашыл сабактын ортосуна үйүп таштайт. Тигил жакка башын да көтөргөн жок. Небересине да үн катпады. Анын Өмүрбектин түндөгү энесинин жанында отурган түспөлү көз алдына келе түшкөндө жүрөгү бир опколжуп алды.
—Тек, койчу жарабаган кепти. — Бакей байкушту кага сүйлөгөн. — Жоо жакадан алып турганда жок дегенде үйдөгүлөрүбүз жаныбызды бек кармайлы. Күз мына күркүрөп кирип келбедиби. Картөшкоң деле даамына кирип калыптыр. Өмүрбекке айтайынчы, эч болбосо күндө үч-төрт тоголоктон ала келип жүрсүн.
—Кой байбиче, Өмүрбек экөөбүз элден артык белек. Азыр айылдагынын баары эле үзүлүп-сүзүлүп күзгө илине албай турбайбы.
—Ошентсе да тоголок картөшкө калтырбай жазда үрөнгө берип койбодуңбу. Деги жанда жок берешен байкушсуң го!
—Кантейин. Жетпей жатат дебедиңерби. Жалгыз мен короому толтуруп айдап алып жеп отурсам жал алат белем. Ортонун жери кысыр калбасын дебедимби.
—Аның ырас. Болбосо “Көк-Ой” кысыр калмак. Көп түкүрсө көл болот турбайбы. Элден айланайын. Кысталышса да, кынырылбай берип жатып үрөн текши баарына жетпедиби. Капырай кээде балдардын эмгегин баалабайбыз. “Көк-Ойдо” иштегендердин эң эле улуусу ушу сенин уулуң. Кетмен көтөрө албаганы да бош топуракты этектеп ташып жүрүшсө ичиң эзилет.
—Ие байбиче, сенин айдыңыңда ырас эле өзүңөн башка кары-картаң жокпу? Түгөл эле бала-бакырабы?
—Ким болот? Он эки бала менен бир кыз бар. Алды алтынчы окуса, арты биринчи классты бүткөндөр.
—Аа! Баса карын, мен болсом. — Бакей очорулуп оодарыла албай тиштенди. — Жамбашыма коргошун уютуп койгондой болуп зылдай, эмнеси экенин бил бейм. Оорунун аты табылбай оңолбоочудай. Бири тамырыңда го десе, бири сөөгүң, бири кара этке суук тийген дешип, койчу деги жасабаганым калбады. Ысытып кор бассам да жылыш болбоду.
—Кой, Бакей мүңкүрөй бербечи. Кудай де. Оору онтотуп барып чыгып кетет дечи. Анча-мынча тарткылыгың бардыр, чыда. Түбү түз болсун. Мен Өмүрбекке айтайын. Балдарга да билдирип кеңешип коёюн. Кундо анча-мынча картошке кармай келсе, ибеп жебе. Балдар жиберген тура деп ачык айтып, уулуңду да кекетип-мокото бербей жеп тур — деп, үлпүлдөп жүзүнөн нуру качып турган байбичени сооротуп сыртка чыгып кетти.
Ошондон кийин ал уулуна кемпирдин сөзүн айтса картошке казып алганы жаткандыр. Солдун экинчи түбүн түптөй баштаганда Жибектин үзүлүп-созулган үнүн дагы укту.
—Чоң эне Өмүрбек…
Эми баш көторүп, кирилдеп карыгып бара жаткан үнүн бийик чыгара кыйкырды:
—Балдар баарынар мага келгилечи. Тамак ичебиз, бери баскыла эс алабыз…
Картөшконүн нак эле түбүнөн чыккансыган балдар туш-туштан баш көтөрүп, чоң энени көздөй жоноштү. Баамдап, тунарып бара жаткан көздөрүн серепчилеп карап турса, алардын арасында эмнегедир Өмүрбек жүрбөгөнсүйт. “Уялып турган экен го. Кантсин балдардан тартынып жатпайбы!…” Өмүрбекти утурлай басып үнүн дагы созду:
—Өмүрбек, ай Өмүрбееек, балдардын баарын жыйначы.
Эч нерсе туйбагандай жай гана тапшырма бере чакырды.
Өмүрбек эми гана ордунан өйдө болуп, оозун эки колу менен калкалап жаап алып кыйкырды:
—Балда-аар баарыңар чоң энеме келгиле. Жөнөгүлө! — өзү солду секирип аттап, аттап жетип келди.
Ансайын Жибек мурчуңдап ээрди-ээрдине тийбей Өмүрбектин эми элеки кылганын чоң энесине айтмак болду. Балдар да аны уксун дегенсип турду, оюнда. Чоң энеси аны дароо сезе коюп, башкаларга көргөзбөй тыйган болуп, өзүнүн алаканын оозуна басып, көзүн кысты:
—Аны чогуу сүйлөшөлү, акырын айталы. Өмүрбектин энеси ооруп жатпайбы. Баласын да, энесин да капа кылып албайлы — деди.
Балдар туштуштан жыйналып келип, эки солдун ортосуна кыркаар тартып отурушту. Чоң эне баш болуп, баары ала келишкен кичинекей баштыктарынан кимиси талкан, кимиси күйшөлгон арпа, дагы бири куурулган маш буурчак алып чыгышып, алдындагы жайылган кездемеден жасалган тасмалга коё башта ты. Чоң эненин жүрөгү сыздап турган менен балдардын бирине да сездирген жок. Бакбак этип алардын тамагынан алымыш болуп өзүлөрүнө шыкап отурду. Балдар да кезек күтө бир-бирине карап кичинеден жеп отурушту. Чоң эне өзүнүн небересин карап анан бал дарга бурулду:
—Жанагы сурооңо эми жооп берейин. Отурганыңардын баарыңар уккула, билип алганынар жакшы,— балдардын баары эч нерсеге түшүнбөй ооздорун ачып карап калышты. — Силер тамактана бергиле. Кулагыңар менде болсун. Тилегим бир суроо берип калды. Балдардын баары эле сенин “Чоң энеңдин айдыңы” дешет, ал эмнеси десе чын эле өзүм да ойлонуп калыптырмын. Ошондон бери өтүп кеткен өмүрүмдү кайтадан дагы бир ирет жашап чыкпадымбы. Ошол окуяларды силерге айтып берейин деп отурамын. Билип алгыла. Биздин да көз өтөт. Ушул силердин киндик кан тамган жерде болгон кичинекей тарых алда кимиңердин эсиңерде сакталып калганы түзүк.
—Айтып бериңиз, чоң эне? — Балдар чуулдашып орундарынан эргиди.
—Мен анча-мынча уккан элем. — Өмүрбек ордунан обдулса Жибек аны чыканагы менен зекип койду:
—Чоң энем өзү айтып берет. Сен жон бол.
—Чоң энемдикин угабыз,— калгандары бир ооздон чурулдашты.
—Эмесе мындай балдар. — Чоң эне оңдонуп отуруп, бир нерсени эсине түшүрө албагандай көзүн үлүңдөтүп алыска-алыска карады.

— Анда ушул тегеректе ар кай жерде боз үйүбүз барыбыз боз үйдө, кээ бири биз эптеп чүргөп алган кара алачыкта жашайбыз. Жер-жерлерде колхоздошуу жүрүп жаткан кез. Биздин тоо тарапка бул жаңылык кечигирээк келгенсиди. Ал учурда Тилектин чоң атасы бетинен каны тамган жапжаш жигит кези. Мен да колум колума, бутум бутума тийбеген шыпылдаган тын келинмин. Кантип эле азыркыдай олчоюп калайын. Экөебүз жаңы эле баш кошконбуз. Бир күнү баарыбызды кимдир бироолор чабаган болуп айыл ортосуна чогултушту. Анда эмне, бир баланы аттантып жиберсе алакандай айыл замат та чогулчубуз. Келсек биз көрбөгөн бир эки адам күтүп турушкан экен. Уй мүйүз тартып отуруп, тигилерге үмүттүү да, чочугансып да карап турдук.
—Бул жердеги кожолук бүтүн бойдон коллективдуу бир чарбага баш кошобуз,— деп баштады жакадан келген өкүл. — Жапырт аракет жасап иштесек түшүм мол болот. “Көп түкүрсө кол” дегенди жакшы түшүнөтсүңөр. Анын үстүнө оз жериңерди оз колуңар менен иштетсеңер, ак ниет эмгек жумшасаңар, жакшы жашайсынар — деп айтып болуп отургандардан бир нерсе күткондой дымыды. Тилектин чоң атасы экөобүз бири бирибизди түрткүлөшүп, сен жазыл, мен жазыл болуп кужулдаштык. Ал байкуш кой оозунан чөп албаган жоош эле үн дебеди. Бир маалда өзүм ордуман туруп, тигил жакадан келген өкүлгө суроо узаттым:
—Баарыбыз эле бет алды иштей беребизби же тууган-туушкан болуп бөлүнөбүзбү?
—Жок. Туугандарды ылгыйлап оз-өзүнчө бириктирип бөлбөйбүз. Ушул силердин кожолуктун бир болугу мал бакса, калганы жер иштетет. Алардын ар кимисинин топ башчысы болот,— деп калды.
—Топ башы деген эмнеси, чоң эне? — Жибек колундагы бадырагын алаканына салган боюнча суроо сунун жообун күттү.
—Азыркы звеновой. Мына силер бардыгыңар биригип, менин звеномдо иштеп жатпайсьщарбы. Ал учурда топ башы дешчү. Эми деле биз карыкартаңдар ошентип жүрбөйбүзбү.
Балдар кайрадан дымырап чоң эненин созүнө кулак тешөштү. — Ушул айдыңды баягы жыйындан кийин Тилектин чоң атасы экөөбүз бөлдүрүп алдык. Мен кок башы болуп жүрдүм. Эркекти койбой эмнеге мага жүктошкөнүно озүм да таңмын.
—Ал эмне деген иш эле, чоң эне? — деди таң калган Сапар.
—Кок башы суу бөлүштүрөт. Өзү да суу сугара турган адам. Суу жерге жайылса талаа когорот. Ошонусуна карап кок чыгат деген мааниде кок башы дешет го дейм. Кийин мурап деп да жүрүшпөйбү. Силер аны уксаңар керек.
Айыл арасындагы кой терисин жамынган байманаптар, алардын бузуку кулак-куйруктары бирин-экилеп жашырынып алышып, жаңы турмушту коро алышпай, котур ташын койнуна катышты. Кеңеш өкмөттүн шарапаты күчтүү экен, алар бат эле эл көзүнө суук болушуп, дымып калышты. Ушул “Көк-Ойду” буурусунга өгүз кошуп он күн дегенде айдап, эгин сээп бүттүк. Мезгил жайга тартканда талаанын бети бир суйсалып чыкты дейсиң, жонго чыгып алып арпанын шуудураганына кулак тосуп, карап эле отура бергиң келчү.
Бир күнү ай жарык. Тилектин чоң атасы айылдагылардын бир тобу менен районго биздин комсомолдук ячейканын окүлү катары жыйынга кетти. Үйдо жалгыз отургуча “Кок-Ойго” суу жайып коёюн деп мен жондогу арыкка бардым. Суунун бетинде ай калкып, айлана сүттой жарык. Кулакты ачып коюп, азоо тайдай алкына талаага жоногон сууну карап отурганымда кай дан-жайдан биздин кабак тараптан аттын дүбүртү чыгып, эмнегедир жон эле жүрогүм оозума тыгыла түштү.
—Эмне үчүн чоң эне? — деди баятан аңырайып оозун ачып угуп отурган Тилек.
—Өзүм да сезбей калдым. Жалгыз болуп талаада отурганыманбы, эмнеси болсо да ошондогу коркконум. Бир маалда эки атчан ээрден ыргып түшүп, эки жаныма келгенде үчүнчүсү аттарды коштоп кабакка түшүп кетти. Берки экоо жанымда жаткан кетменди алып башыман алып ыргытты. Олбурлуу элем, экөөнү эки жакка түртүп жиберип, кетменди ала коюп жабыштыра чабайын деген ойго келдим. Жулкунуп экөөнү итере салып кетменге жонодүм. Канткен менен эркектер эмеспи, менден күчтүүлүк кылышты. Экоо мени колдон, буттан алып көтөрүп келди да суу жаткан арыкка комкоромдон жаткырып, үстүмо таш бастырып, сууну чоң арыкка менин үстүмө буруп жиберишти. Жинденишип, тиштерин кычыратып сүйлоп жатышты.
—Кок башы эми көгөрүп жат,— узун бойлуусу көзүнө түшүргөн кара чүпүроктү которбой сүйлодү киңкилдеп. Мурдунун мандеми барбы, же үнүмү тааныбасын дедиби түшүнбодүм. Экинчиси да тигиге окшоп эки көзүн жаап койгону менен ырсандаса тиштери агарып, айдын жарыгына чагылат. Ансайын жүрөгүм муздап, анын түрү ач карышкырга окшоп, азыр эле кабыргамды качырата чайначудай денем титиреп корком. Бирде жаагым тырышып катып калгансып, оозум ачылбайт. Кыйкырайын десем үнүм жок. Ушул азыр колуман келсе экөөнү каттап качыратып бурдап алып, суу ылдый бүркүп салсам кана. Ал менин аргасыз эле кыйнап турган. жан этимдеги кыжынуум эле. Кимге, эмне кылганда жалгыз алым келмек эле.
— Мени көгөртсөң башкасы бар. Баарын жоготуу сендей түн каракчысынын колунан келбейт! —дедим, какапчакап, суудан башымды которо калып.
Кайрадан башымды сууга чумкута тыгып туруп, жонумдагы ташты өйдөлөттү. Анысы аз келгенсип желкемден экоолоп басып тумчуктуруп турушту. Бир маалда баягы райондон кайткандар келе жатышканбы, арабанын дөңгөлөктөрүнүн чыйкылдаганы жакын эле жерден угулуп калды. Экоо тең дыр коюп, кабакта турган аттарына жетишип томон карай качып кеткендей болушту.
Мен ойлогондой эле районго кеткен комсомолдор экен. Алар мени суудан алышты. Бир-экоо үстүмдөгү ташты алып ыргытышса, бир тобу качкан экөөнүн артынан түшүштү. Мени ойдо кылганда эч нерсе айта албай жаагым карышып, сүйлөй албадым. Болгон окуянын жонүн түшүндүрүүгө чамам келбеди. Атчандардын артынан кеткендер бат эле кайра келишти. Түн жамынгандарды кайдан издешет эле.
Ошол түнү комсомолдор айылга кетишпей таң ат канча жонго алоолонтуп, улуу от жагып, мени жанына отургузуп коюшуп, “Көк-Ойду” сугарып чыгышты. Ал ошол жылкы эгиндин акыркы сугаты эле. Арпа башын которо албай чыгып, “Сонундун айдаган арпасы ай!” деп жүрүшүп, ошондон тарта меники болуп аталып калды.
—Чоң эне сизди сууга көмгөн ким экен?
—Коңшу айылдагы өлүмтүктөр — Мааразык молдонун иниси менен уулу дешти. Кийин алар дагы далай иш жасабадыбы. Мыйзам койчубу. Уруяттын укуругу узун болбойбу. Канчалык изин жашырганына карабай кармап күнөөсүн мойнуна коюшуп, айдап кетишти. Ушул күнгө чейин өлүү же тирүүсүн билген киши жок.
Мына кулундарым ошондон тарта ушул “Кок-Ой” меники. Ар жылы улам которуп дан-эгин, жашылча айдалат. Жыл сайын көп түшүм берет. Байкушум качан чарчап, качан мүргүп калаарын билбейм. Муну менен келе жаткан мен минтип карыдым. Быйыл да силер менен биригип түшүмдү батыра албай куруйбуз го деп турам. Картөшкөнүн жумушу аз деп силерге, кичинекей экендигиңерге карабай башчы болуп албадымбы. Эми эки күндөн кийин үстүндөгү кок сабагын оробуз го. Антпесек, түбүндөгү картошконү кошо жулуп алып соолутуп коёсуңар. Үстүңкү когүн жыйнап койсок колхоздун кишилери тартып кетишет. Ушинтип сүйлөшкөн элек. Саан уйлар батылдатып жешсе, аябай сүттү коп берет экен. Куурап калганча сарайга ташысак пайдасы тийбейби. Кеңседегилер араба айдаганга киши табылбаса өзүңөргө бир араба берели деген эле. Анысын да сурап корөмүн го.
—Арабаны ким айдайт чоң эне? — Тилек койкоңдоп отургандарга мактана суроо берди. Өз оюнда өзүнон башка эч кимге ыйгарган жок.
—Арабаны? — чоң эне ойлонуп отургандарды бир кыркаар карап чыкты.
—Өмүрбекке айдатабыз го. Өзү да атка жакшы олтурат. Күздөгү ат чабышта бул баладан башка бириң да моройго чыккан жоксуңар.
Балдар макул болушкансып, Өмүрбекке ичтери тарып турушса да билгизбей баштарын ийкешти. Кимиси эле ат минип талаатүздү жаңырта шапалак үйүрүп,мактангылары келбесин дейсиң. Баарынын оюнда ушул.
—Анын үстүнө — деп чоң эне маңдайында отур ган балдарды кыдырата карады,— жайлыжайлата мени менен кошо жүрүп, суу сугарды. Мунун энеси Бакей чоң энеңер сыркоолоп төшөк тартып жатып калагнына карабай силер менен чогуу иштеп жүрөт. Өмүрбек жакшы бала болбодубу. Үй оокатын, короо-жайын, мал-салын койчу, баарына өзү жетишет. Мен кечинде Өмүрбектердикинде болдум. Апасы мойноп болбой койгонуна карабай “балдар менен сүйлөшүп кеңешели. Күнүнө төрт-беш тоголок картөшкөнү Өмүрбектен берип туралы” деген элем. Силер деле макул болосуңарбы деген ой менен кеңеш курбай туруп эле айтып койдум. Оору кишиге жаңы дан дабаа болуп, өйдө тургузуп алабызбы деген оюм, балдар. Кимиңер кандай дейсиңер? Жер силердики, эмгек да өзүңөрдүкү.
Отургандар бирбирин карашып адегенде эч кимиси унчуга алышкан жок. Жибек болсо жер чукуп уялганынан Өмүрбекти тик бага албады. Өмүрбек болсо эреркедиби, мурдун тартып башын жогору көтөрбөй күнөөсүн мойнуна алгансып отурду.
Айланага бир нерсе көмкөрүлгөнсүп дымырап турган тынчтыкты четте отурган Жумабек бузду:
—Чоң эне биздикинде маш буурчак бар. Кечээ уюбуз да тууду. Мен кечинде Өмүрбектикине барамын. Апам өзү да буурчактан бөлүп салып коюп кетти. “Ушуну Бакей апаңа алып барасың” деген.
—Ырас кылат турбайсыңбы. Омүрбек сен турчу,— чоң эне жанында отурган Омүрбекти колтугунан жөлөп тургузуп — барчы, бир эки түптү казып көрчү. Чыккан картөшкө болсо эле үйгө ала кет. Балдар өзүлорү уруксат беришпедиби. — Отургандарды кыркалекей карап жооп күтконсүп дымыды. Саамдан кийин балдар чуулдап жиберишти: “Ошент Өмүрбек. Бар”. Чоң эне ыраазы болуп ичинен кубанып кетти. Жибек Өмүрбекке жакын келип:
—Мен да казышайынбы? Үйүңө барсам урушпайсыңбы? Апаңдын көйнөгүн жууп, чачын өрүп…
—Мейлиң.
—Анда чоң эне, мен Өмүрбектин картөшкөсүн үйүнө көтөрүп барып келейинби — деп суранды Жибек.
—Жакшы болбойбу. Бул жерде калганыбыз силердин жумушту да аткарып коёбуз. Ошентелиби балдар?
Балдар чурулдашып макул болушту, чоң энесин колдошту. Баары бир кишидей болуп мелтиреп жаткан “Көк-Ойдун” картөшкө талаасын аралап барышып биринин төбөсү көрүнсө, бириники көрүнбөй эле томпоң дошуп иштеп киришти…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × 4 =