АЛЧА БУТАГЫ

Ата-энебиз дайыма бизди түшүнүп, катуу сөз айтышчу эмес. Бирок жаман бир нерсе жасасак, сөзсүз түрдө жаза беришчү. Бир күнү жазында, үйгө толтура капкара алчалар өскөн бутак алып келдим. Ал бутакты кошунамын бакчасындагы бактан акырын сыңдырып алгам. Апам ал бутакты мен каткычакты көрүп калып, каяктан алганымды сурап калды. Коркуп кетип, ойлонбой туруп: Биздин бакчадагы бактан үзүп алдым,дедим. Ошол замат биздин бакчадагы бактын алчалары кара эмес, кызыл экени эсиме түштү. Апам унчуккан жок. Капа болуп ашкананы көздөй кетип калды.

Аркасынан жүгүрүп барсам, апам бир бурчка отуруп алып, ыйлап жатыптыр. Көрүп алып чочуп кеттим. Оозум жалган сүйлөп, колумда болсо, уурдалган бутак бар эле. Апамдын тизесин кучактай калып, болгонун болгондой, жашырбай айтып бердим. Кечирим сурап, жалынып-жалбардым. Анда апам: “Өйдө тур дагы, бутакты кошунага алпарып, мага кандай айтып берсең, ошондой кылып ага айтып берип, кечирим сура” деди. Апам айткандай, кошунага барып айтып, кечирим сурасам, кошунам күлүп: “Бир ууч алча үчүн кечирим сурап келдиңби? Ылдый жактагы бакты ансыз деле уурулар тазалап кетип жатышпайбы” деди. Кошунамдын айтканы мага абдан катуу тийди. Көрсө, мен дагы уурулардын жасаганын жасаган турбаймынбы. Уялганымдан кирерге жер таппай калдым. Ошондон кийин алча багын көргөн сайын апамды эстеп, бетим кызарчу болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12 + шесть =