БЕЛЕК

Айылдык бир киши бир күнү падышага белек тартуулагысы келип, бакчасындагы алмуруттан чогултуп алып, жолго чыгат. Сарайдын оозуна келгенче бекчи аны ичкери такыр киргизбей: Эгер, сен алып барган белегинди падыша алып, ордуна сага берген белегинин жарымын мага берсең, киргизем, дейт. Байкуш киши айласыздыктан бекчинин айткандарына макул болот.

Падыша абдан ыраазы болуп: Кымбаттум, сенин белегиндин ордуна сага эмне берип, сени ыраазы кыла алам, десе, айылдык: Жонумдан чыбык менен 50 жолу балак алыңыз, дейт. Падыша чочуп: “-Ал эмне дегениң?”,- дегенде, айылдык киши падышага болгонун болгондой, бекчинин айтканын айткандай айтып берет. Анда падыша бекчини чакыртып алып, чыбык менен 25 жолу урдуруп, айылдыкты болсо катуу сыйлап, кучагына толтура белек карматып, үйүнө узатыптыр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

18 − 10 =