Илгери-илгери бир абышка-кемпир болуптур. Алардын Эгизбек Сегизбек
деген эки уулу бар экен. Жайнаган жылкысы бар экен. Эки бала эр жетип
Тайгылмандын тайгак ташы деген жерде жылкыларды жайып коюп, жата
беришет. Тайгылмандын ташына тайгаланып, эч бир адам чыгып көрбөптүр.
Ошондуктан, эки бала ээн-эркин жылкыларын жайып коюп, эртеден кечке ордо атышчу экен. Күндөрдүн биринде Буктугул жана Шуутугул деген эки дөө баягы тайгак ташты түбү менен омкоруп ташташып, эки баланы жылкылары менен алып кетишет.
Балдардын атасы жылына бир келип, балдарын көрүп кетчү экен. Бир күнү
келсе, ордосу тигилген бойдон калып, балдары жок, баягы таш болсо казылып
ташталган. Абышка балдары жоо колдуу болуп кеткенин сезип, ыйлап-сыктап
үйүнө келет. Ошентип, абышка-кемпир куу баш аталып, баладан да, малдан да
ажырап, өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун жагып калышат.
Күндөрдүн биринде абышка уктап жатып түш көрөт. Түшүндө бир аппак сакал
абышка көрүнүп: «Ыйлаган менен эч пайда таппайсың, тиги жогоруда бир булак бар, ошол булактын жанындагы мазар терекке барып, түбүнө түлөө өткөрүп, кемпириң экөөң түнөгүлө. Түн ортосунда көктөн бир ак алма түшөт, аны өзүң жегин. Таңга маал кызыл алма түшөт, аны кемпириңе бер. Арадан көп убакыт өтпөй балалуу болосуңар» деп айтып, көздөн кайым болот. Абышка чоочуп ойгонсо түшү. Ашып-шашып мазар терекке барып, түлөө өткөрүп кемпири экөө түнөп калышат. Абышканын айтканындай түн ортосу ченде асмандан ак алма түшөт. Аны абышка өзү жейт, бир убакта кызыл алма түшөт, аны кемпирине берет. Эртеси үйүнө кайтышат. Арадан көп убакыт өтпөй эле кемпиринин боюна бүтүп, тогуз айдан кийин эркек бала төрөйт.
Бала жерден боорун көтөрө баштагандан шок чыгат. Айылдагы балдарды
уруп согуп, чуу салат. Бала ошентип жүрүп, онго чыгат. Бир күнү бир кемпирдин баласын токмоктоп коет. Кемпир баланы каргап: «Сен андай эле кыйын болсоң эки агаңды таап албайсыңбы?» дейт.
Буга чейин бала эки агасынын жоголгонун билчү эмес. Кемпирдин сөзүнөн
улам капа болуп үйүнө келет. Келсе энеси үйүндө жок экен. Бала жалгыз гана
казанды калтырып, үйүндөгү идиштердин баардыгын катып коюп, энеси
келгенден кийин: «Эне мага буудай кууруп берчи» дейт. Энеси буудайды казанга кууруп жатканда бала эшиктен: «Энеке эле, энеке! Көгүчкөндөр учуп өтүп кетмек болду, мен буудай чачып тузакка илиндирип ала коеюн, кууруп жаткан буудайды алып чыга кой» деп шаштырып калат. Кемпир шашкан бойдон идиш таппайт, «Энеке, энеке, идиш жок болсо, колуңа эле уучтап чыга кал» деп, баласы дагы кыйкырат. Энеси ысык буудайды колуна уучтап чыга калат. Бала энесинин колун ысык буудай менен кабыштыра кармап: «Айт, энеке, чыныңды, менин эки агам болгонбу, же жок беле?» дейт. Колу ысык буудайга күйүп чыдабаган энеси:
«Сенин Эгизбек, Сегизбек деген эки агаң болгон. Аларды жылкы багып жүргөн
жеринен Шуутугул, Буктугул деген эки дөө алып кетти деп угабыз, анык-чынын билген адам жок дейт.
Бала энесинин сөзүн уккандан кийин: «Эмесе, энеке, мен ошол эки агамды
издеймин» дейт. Ага баланын эне-атасы: «Азыр сен жашсың, балтыр этиң толо
элек, барар чагың боло элек, койгун балам» деп болбой коюшат. Бала үч күнү
тамак ичпей таарынып жатып алат. Акыр аягында кемпир-чалдын айласы кетип, макул болушат. Баланын онго чыкканга чейин аты коюлган эмес экен: «Эми жок дегенде баланча балабыз бар деп айтып жүргөнгө атыңды коюп алалы» деп, кемпир-чал элди чакырып, той берип, баланын атын коюп берүүнү элден суранышат. Балага кандай ат коерун биле алышпай, ак сакалдар кара сакалды карады, кара сакалы кер мурутту карады, кер муруттар боз балдарды карады, боз балдар качып, качып тарады. Бирок эч кимиси ат тандай албайт. Ошентип кысталып турушканда, кайдан жайдан бир абышка пайда болду. Ошондо абышка баланы өзүнө каратып: «Баатыр болчу кебетеси бар экен, аты Карач баатыр болсун» дейт. Элдин баары Карач баатыр болсун деп батасын берип тарап кетишет.
Бала эли-журту, ата-энеси менен коштошуп, жүрүп кетет. Жүрүп келатып бир
аңга тыгылып жаткан даакысы түшө элек сары тайды көрөт. «Сен да бир шордуу өңдөнөсүң» деп, ал тайды аңдан чыгарып коюп, андан ары кете берет. Тай болсо кишенеп артынан калбай, Карачты ээрчип алат, кууса да болбойт. «Эми болбостур» деп, тайдын башына нокто катар замат, ал кунанга айланды, тердик салса, бышты болду, ээр токуганда жайкалган опол тоодой ат болду. Ошентип, бала сары тулпарга минип, сары жол менен жөнөп кетти. Жолдон атка тил бүтүп адамча сүйлөйт: «Сен ушул жол менен жүрүп отурсаң, жолдо бир терек бар, ал терекке жеткенде менин ээр токумумду алып, аса байлап кой, ошол теректин ылдый жагында бейит бар, бейиттин арасында күмбөз турат, ошол күмбөздүн ичине кирип тердигиңди астыңа салып, ээриңди башыңа жаздап, күн чыгышты беттенип, коркпой жата бер. Эртең менен бир киши келет да: «Бул жерге адамзат келчү эмес эле деп, «ой жигит тур деп ойготот. Анда турбагын. Андан барып аяк жагыңдан ойготот,
анда салам айтып тура кал да, ал адам менен достошуп кайра кайт» дейт.
Бала аттын айтканындай кылып, атты терекке аса байлап таштап, өзү
күмбөзгө барып жатып калат. Эртең менен бир адам келип: «Бул жерге адамзат келчү эмес эле», деп, ойготсо ойгонбой коёт. Аяк жагына келип ойготкондо тура калат. Белгисиз адам Карач менен достошуп, ага сырын айтат: «Мен да бир абышка кемпирдин жалгыз баласы элем. Эртең менен «жоо келди» деген кыйкырыктан улам шашып эшикке чыга калганымда бирөө ай балта менен жыга чапты. Көрсө келген жоо Буктугул менен Шуутугул деген эки дөө экен. Экөөнүн учкаштырган эки баласы бар эле, болду-болбоду сенин агаларың болуш керек.
Эгерде ошол дөөлөрдү өлтүрсөң, «Нурпери досума атадым» деп башын кесип ал.
Эки дөөнүн кырк сары ала тулпары бар, ошол кырк тулпарды тең «Нурпери
досума атадым» деп мууздагын да, аларды баккан эки кызды дагы өлтүр. Алар
тирүү калса, «адам баласына көп жабыр тарттырат, ошол эсиңде болсун» дейт.
Карач тиги адам менен коштошуп, атын токунуп, жолго чыгат. Бир жерге
келгенде аты кан сийип, баспай туруп алат. Карачтын айласы кетип, ээр токумду шыпырып алып, көтөрүп жолго чыгат. Бир аздан кийин аты артынан жетип келет. Аны минип алып, кайра жолго чыгат. Дагы бир топ баскандан кийин аты артынан дагы кан сийип баспай коёт. Ээр токумун көтөрүп алып, андан ары жөнөйт. Бир аз узагандан кийин аты артынан келди, Карач ага минбестен жөө баса берди. Ал аңгыча ат айланып көрүнбөй алдыга өтөт да: «Бул чыныгы баатыр бекен?» деп сынамак болуп камыштын арасынан кара чаар жолборс болуп, Карачты качырып калат. Карач болсо, «эки агамды жоготуп өлбөгөн, сенден өлөмбү» деп кылычын сууруп, качырып кирет. Ошондо: «баатыр сабыр кыл, жолборс менмин» деп, өз аты алдына тура калды: «Сенин эки агаңды алып кеткен эки дөөнүн бири — Буктугул сени издеп келе жатат. Анын аты менин тилимди байлап коюп, мен кан сийип баса албай жаттым. Эми мен ал аттын тилин чечилбес кылып байладым. Ал болсо менин тилимди байлай турган сыйкырын жоготуп койду. Эми мен бир сары ала ат болоюн, сен укурук сүйрөгөн жылкычы бол, аларды амал менен өлтүрбөсөк, жөн өлтүрүү кыйын. Сен барып салам айткын, ал кайда баратканыңды сураса, жылкы жоготуп, издеп жүргөнүңдү айт. Ошондо дөө: «Карач деген келатат дейт, аны билесиңби?» деп сурайт. «Билем» дегин. «Ал жоого сексен өгүздүн этин бүт жеп, жети күнү көлдөн башын чыгарып, кар жаадырып жатат. Жети күндө көлдүн үстү тоңот, ошондо муздарды асманга атылтып, Карач тура калып, жоого чыгат» дегин.
Карач макул деп, жылкычынын кейпин кийип жөнөп калат.
Аңгыча Буктугул дөө астынан чыгат. Карач токтоп салам айтат.
Анда дөө:
— Кайдан келатасың? — деп сурайт.
— Байдын жылкычысы болом, жылкы издеп келатамын.
— Карач деген неме келатат дейт, билесиңби?
— Билем.
— Ал жоого чыгардын алдында эмне кылчу эле?
— Ал сексен өгүздүн этин жеп, жети күн көлдөн башын чыгарып жатат да,
анан жоого чыгат. Жоого чыгарында көлдөгү муздар чатырап жарылып, асманга атылат.
— Андай болсо, мен да сексен өгүздүн этин жейин, өгүздү союшууга мага
жардам бер, — дейт.
Карач макул болот. Дөө экөөлөп сексен өгүздү соет. Карач этин бүтүндөй
бышырып, дөөнүн алдына коет. Бала ары-бери карап бир жилигин жегиче, дөө
сексен өгүздүн этин бүт жейт да, кар жаадырып, суук чакырып, көлгө жатып
калат. Жети күн болгондо Карачтан: «Турайынбы?» деп сурайт. Карач: «Турсаң
болот» дейт. Көлдө жаткан муздар чатырап жарыла баштайт. Анда Карач чочуп кетип: «Кокуй, мен унутуп калыпмын. Дагы жети күн, бардыгы он төрт күн жатат» дейт. Дөө дагы жети күн жатат. Он төрт күн болгондо муз дагы калыңдап катып, дөөнүн мойну гана кекеңдеп, муздан чыга албай калат. Ошондо Карач Буктугулдун башын «Нурпери досума атадым» деп туруп, кылыч менен кыя чаап салат. Аты кубанып «сени Карач дебесем, сени Карач жутпасам» деп кыйкырып өтөт. Өтүп баратканда Шуутугулдун жонунда ак кебез булактап бараткан болот.
Ошол жерге таамай сайсаң өлтүрөсүң, антпесең алышып алың, күрөшүп күчүң жетпейт дейт.
Бала жолдун жээгине Шуутугулдун келерин күтүп жатып калат. Бир убакта ач
кыйкырык салып, дөө чаап келаткан болот. Жонунан кебез булактап чаап өтүп барат. Карач аны жонго сайып өтөт. Дөө ошо замат аттан кулап түшөт. Анын башын да кесип алат. Шуутугулдун аты асманга уча бергенде Карачтын аты «муну өлтүрүү керек, антпегенде Шуутугулду кайра тирилтип алат» деп
куйруктан тиштеп жерге алып түшөт. Карач эки дөөнү өлтүрүп, алардын
сарайына барса, сарайда бири-бирине коендой окшош кырк сары ала тулпар
байланып турат. Карач кыркын тең мууздап, Нурпери досуна арнайт, эки
сыйкырчы кыздын да башын алат. Ошентип эки дөөнүн катуудан казаны,
жумшактан күлү калат.
Андан эки агасын издеп келатса, бир төөгө жүк артып учкашып келаткан эки
абышка алдынан чыгат. Алардын жөн-жайын сураштырса, эки абышка жоготкон эки агасы болуп чыгат. Бала өзүн аларга тааныштырып: «Мен силерди кармап келген дөөлөрдү өлтүрдүм, мен иниңер болом» дейт. «Эгерде инибиз болсоң, биздин эмне белгибиз бар экенин билесиңби?» дешет. «Экөөңөрдүн тең далыңарда калыңар бар» дейт. Чынында эле тиги экөөнүн далысында калы бар болуп чыгат. Ошол жерден үчөө кучакташып көрүшүп, кемпир-чалды көздөй жөнөп калышат.
Келсе алар күйүткө чыдабай, төшөккө жатып калышыптыр. Кемпир чал
балдарын көрүп, кеткени келип, кемтиги толуп, жыргап-куунап жатып калышкан экен.
КАРАЧ БААТЫР
Датасы: 12.01.2022