КАЛАМГА

Сен жолдошум, кен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп, издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жармысынан жараттым.
Чырагымсың, айсыз түндө адашпайм,
Ынагымсың, жан чыкканча тарашпайм.
Дүркүрөгөн дөөлөтүмсүң каламым…
Вашингтон долларына алмашпайм.
Командириң – эл намысы, эл анты,
Сага ишенип курч куралын карматты.
Ошондуктан, өрт аралап бараткан –
Сен доорумдун танка минген солдаты.
Заман күчтүү, күч чак келбейт алдына,
Заман дайра, аккан катуу агымга.
Бул турмушта: нечең кыйын жол бастык,
Дагы кыйын жолдор жатат алдыда.
Эгер өлкөм керек десе биз белен,
Эл эрки үчүн, туулганбыз энеден,
Жүрөгү чоң баатырларбыз бактылуу –
Жер шарынын азаттыгын ээлеген.
Мына ушундай улуу жолдо баратып,
Кезек менен күндөр батып, таң атып.
Күтүлбөгөн бир мезгилде, түбөлүк –
Эгер өлүм, мени кетсе уктатып:
Ошол замат, арта салып мойнуңа,
Тез чуркап жет, кең өрөөндүн оюна.
Көп ыйлабай, капаланбай көөмп кой,
Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна.
Көл шарпылдап толкундарын таратсын,
Толкундары мени карай баратсын.
Жүр көрөлү: кыргыздын бир акыны
Уктап жатат… уктап жатат, деп айтсын…
Биздин турмуш, биздин кылым эң кызык,
Октор гана оюн кылган жол сызып,
Ок күчүнөн жеңип алган өмүрлөр,
Чындыгында эң бир ширин, эң ысык.
Сен жолдошум, сен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жармысынан жараттым.
8/II 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два − 2 =