АДАМЗАТ

Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырлап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда:
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.
Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта:
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.
Олуя табып, улукман аке дарысы
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада:
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга:
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.
Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда:
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга:
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.
Кызыл топу, шуру, бермет сыяктуу
Бала өмүрү, сатылып турса калаада,
Катуу күйүт, кайгы зардын дарты үчүн,
Өзүм албай, ал дээр элем адамга.
Бала өмүрүн алсын деген себебим:
Адам деген баласаак тура бечара.
Мейличи, мени, жаман көргөн бирөөнүн –
«Жан алгыч келип, жанын сууруп аларда»
Эгер чиркин, экөө болсо жүрөгүм,
Берер элем, бирин ошол адамга.
Мен сыяктуу жакшылыкка март эмес,
Адам деген өзүм дейт тура бечара!
7/II 1945

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 + 17 =