КУРДАШТЫК СӨЗҮМ

Жарашпас ичи тарлык азаматка,
Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта.
Арамдык, кытмыр кыял, көрө албастык,
Өзүңдү өйдөлөтпөй тартар артка.
Жакшынын жакшы жагын бөлө билгин
Жамандын жакшы жагын көрө билгин.
Эр жигит бекер келип, бекер кетпейт,
Таштаба экен го деп бири – миңдин.
Ар куштун алсам деген талабы бар,
Ар аттын чыксам деген кадамы бар.
Курдаштар өзүңдү өзүн сыйлай билгин,
Ар жандын мактай турган тарабы бар.
Эр жигит бирде жанар, бирде азар,
Деңиздей кээде кемип, кээде ташар.
Адамдын адам болор жан жөлөгү,
Унутпас, азган жигит, салсаң назар.
Кызыктуу баарыга тең өмүр өтөр,
Бирок да эстен кетпес жакшы сөздөр,
Суу жеткен балбан кучак бай теректей
Жигитти сөз семиртер, сөз көгөртөр.
Эн калыс, эң адилет улуу заман,
Энедей баарыга тең көңүл салган.
Менсинип эч нерсени жактырбаган
Жок эмес арсыз адам, алсыз адам.
1 1 / I I 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

девятнадцать − 17 =