Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман,
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт,
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.
Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам,
Жаш күнүм, балалыгым сенде калган.
Турмуштун эң ысыгын сага берип,
Бөлүнүп бир өзүңдөн кайда барам!
Жок барбайм, андай сөзгө көңүл салбайм,
Күн бүтүп, картайганча сени жандайм,
Айрылсам курдашымдан айрылармын,
Бирок да бир өзүңдөн айрыла албайм.
Боз түшкөн ысыгың бар, суугуң бар,
Жаанчыл, салкының бар, жылууң бар.
Бирок да ысыгыңа таарынтпачуу
Бах чиркин, жаз, күз деген сулууң бар.
Эсимде: биз жаш кезде чаңдак элең,
Түнт элең, уйкучу элең, укпас керең.
Мен калдым, жаш улгайды, сен жашардың
Карайсың мени уялтып көркүң менен.
Тар элең, таштак элең такыр элең,
Киргил суу шылдырлаган арык менен.
Мен өстүм, жаш көбөйдү, сен көгөрдүң,
Жашымды, көгөртсүн деп сага бергем.
Эскирттим, далай, далай көйнөк жырттым,
Жаңырды, улам кайра сенин сыртың.
Жаракөр Москванын кыздарындай,
Порумуң, сырткы көркүң, коюн жытың.
Көчөңдү мелтиреген асфальт басты,
Айдан ак «Аламүдүн» жарык чачты.
Заңгырап бийик, бийик катар үйлөр,
Келгин деп жаш муунга эшик ачты.
Түшкө окшоп Фрунзенин эски доору,
Уландар кыт-кыт күлгөн жомок болду,
Кыргыздын Фрунзе аттуу сонун шаарын,
Көтөргөн эң биринчи орус колу.
О кайда, кайда калды эски доору
Биз эми жаңы өмүрдүн коноктору.
Бактагы коңур ырды, сулуу бийди,
Ойноткон эң биринчи орус колу.
Курдаштар, унутпайлы биз ошону,
Сыйлайлы бир замандаш жолдошторду,
Жазгын деп, мага минтип ыр жаздырган,
Чынында эң биринчи орус колу.
Эн сонун биздин күндүн дагы ар жагы,
Биз эски, балдар жаңы, шаар жаңы.
Жашарткан жакшылыктын суусун куюп,
Фрунзе мекенимдин бала шаары.
Фрунзе өскөн шаарым, сүйгөн калаам,
Сагынсам атыңды атап канааттанам.
Күрдөлдүү беш жылдыктын сапарына.
Сен менен кол кармашып бирге барам.
Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп күлүп эсен-аман.
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт:
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.
З0/XII 1945
Койсары
ФРУНЗЕ
Датасы: 29.12.2021