1945-ЖЫЛ, 31-ДЕКАБРЬ

Кош сентябрь, кош ноябрь айлары,
Өткөн жылдын кооз июнь, майлары.
Адам уулу куштан чебер келтирип,
Бакыт күнгө уя салган .кайлары.
Кош сентябрь, кош апрель айлары,
Жыл жаңырып, жаңы жылга айланды.
Келген жылдын келинчеги март болуп,
Кенен болсун, кымыз, жуурат, айраны.
Кош март айы, келгин куштун сайраны,
Кош өткөндүн кенен өзөн, сайлары.
Келген жылдын колуктусу март болуп,
Арбын болсун таң-тамаша майрамы.
Көктө булут жаңыланып бөлүнөт,
Эл таалайы жылдыз болуп төгүлөт.
Быйылкы жыл адамзаттын айлына,
Табак, табак май берчүүдөй көрүнөт.
Жерде тоолор, жаңыланып бөлүнөт,
Калк ырлары чолпон болуп төгүлөт.
Быйылкы жыл, токтоо мүнөз журтуна,
Шайы көйнөк кийинтчүүдөй көрүнөт.
Шылдыр, шылдыр, шылдыр аккан суулары,
Тар капчыгай өтөктөрдөн куралды.
Быйылкы жыл кирип келип эшиктен,
Эмнең жетпейт, чыгып ал деп сурады.
Шаңгыр-шуңгур, шаңгыраган чуулары,
Жамы журттун жайдары ачык убагы.
Быйылкы жыл, терезени каккылап,
Жыргалдуумун, багып ал деп суранды.
Бөбөктөрдүн бешиктерин терметти,
Карылардын кабактарын желдентти.
Жаңы жылдан «атың ким?» деп сурасам,
Атым «Арзан», атам «Дөөлөт» деп кетти.
Келсе келсин, мындай жылдар көп келсин,
Тагдыр аке мындай жылдан көп берсин.
Совет эли жыл жыргалын таткылап,
Турмуш даамын ачуу, кычкыл дебесин.
Келсе келсин, мындай жылдар көп келсин,
Сурарым аз: эки сабак ыр берсин.
Мындан башка кандай олжо акынга?
Мен турмушка, сараң ач көз эмесмин.
Мен турмушка, сараң ач көз эмесмин,
Өктө кылып ай, аз бердиң дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу
Мага берсе эки сабак ыр берсин.
Кел жаңы жыл, үйүм таза келип кир,
Мени тааны, ким экеним жакшы бил.
Мен өлбөйүн миллион жолу айланып,
Кайра келсин ыр жаздырган декабрь.
31/ХII 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

13 + один =