Бой тартпагын, боз жигит, Сүйүүнүн жолу көп түрлүҮ; «Агайлап» калса жаш селки Сени сөзсүз сүйгөнү. Эң айлакер, эң кылдат, Анын ысык жүрөгү; Уялып калса жаш селки Буда сени сүйгөнү. Көбү жалган, жасалма, Анын кылт, култ жүргөнү Жамандап калса жаш селки Ал да сени сүйгөнү. 26/XII 1945 Койсары