Энекем

Созу: К. Самсалиевдики
Обону: Ж. Сагынбаевдики

Ай энекем, энекем,
Мээримин бир дары экен.
Эс тарткандан баамдасам,
Сыйкырлуу күч бар экен.

Ай энекем, энекем,
Мээнетиңди ченесем.
Таразалап, салмактап,
Өмүрлүк (го) бересем.

Ай энекем , энекем,
Ар убакта кеңешем.
Каалаганым узун өмүр,
Алтын энем, берекем!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

5 × 4 =