Эмеспи

Созу: Барпы Алыкулов

Көл суусунан көрүнгөн
Кыздын бети эмеспи.
Бул дүйнөдө өтө ынак
Эне сүтү эмеспи.
Топ гулдордун саймасы
Келин, кызда эмеспи.
Сулууларга суктанган
Көпкөн балдар эмеспи.
Он сегизге жеткенде
Кыздар динар эмеспи.
Ал кыздарды көрмөккө
Бозой кумар эмеспи.
Алган жары бап болсо
Көңүл тынар эмеспи.
Оюн, күлкү, тамаша –
Келин-кыздар эмеспи.
Кызга тартип үйрөткөн
Эне болот эмеспи.
Көп тилдесең аялды
Чая болот эмеспи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

одиннадцать + 17 =