ЧАБАЛЕКЕЙ (ЧААП) ОЙНОО


Колго кармала турган жоондуктагы жыгачтан (узундугу 60 см 1 метрге чейин
болгон) чабалекей жасайт. Анын баш жагына балек токтой турган орун жасайт.
(Балек 15—20 см узундуктагы жоондугу сөөмөйдөй болгон жыгач). Чабалекейдин баш жагына балекти коюп, көтөрүп ыргытып чабат. Андан мурда чабалекей ойногон балдар экиге бөлүнөт да чабалекейди туттум кармашат, «туттум» деген ойногон бала колу менен жыгачты кармайт, экинчиси андан кийин кармайт.
Ошентип экөө алмак-салмак кармап отуруп ким жыгачтын башына мурда чыкса (кармаган жыгачтын) ошол чабалекейди мурда чабат. Оюндун шарты боюнча эки жак белгилүү санды «тай» катарында эсептейт. Мисалы 100 же 200 «тайды» ким мурда бүтсө, ошол уткан болот.
«Тайды» утуп алуу шарттары төмөнкүчө: Чабалекей чапканда балек элүү, жүз
метр алыс барып түшөт. Аны тосуп албаса, кайта чапкан жакка ыргытат.
Чабалекей чаап жаткан бала тосуп туруп кайта чабат. Тийсе да, тийбесе да
маарага чейин (оюндун борбору) чабалекей менен санап келет? Ошентип оюн
улана берет. Чапкан мезгилде балекти тосуп алса, же кайра ыргытканда дал
маарага келип түшсө, экинчи жаак чаап, мурдагы чаап жаткандар тосуп алат.
Ошентип отуруп кимдин «тайы» белгиленген санга мурда жетсе, ошол уткан
болот.
Уткан жак утулган жагын «чымылдатат». Мунун шарттары: Уткан бала
чабалекей менен балекти иликтейт. Ал канча жолу иликтесе ошончо жолу
(мисалы: 2—3—4) чабалекейди улап чабат. Башкача айтканда 100 же 300 метрге чейин кээде андан алыс барат. Ошол балек барган жерден утулган бала
чымылдайт. Анын тексти:
Ак бай, ток бай,
Кара менде кашка тай
Кулду-кулду-кулду бай
Куруп калган санды бай
Акалекей, чабалекей
Чым м… м… деп чуркайт.
«Чымылдаган» бала дем албоо керек. Дем алса ошол жерден кайра чаап
узартат. Акыры «чымылдап» отуруп маарага жеткенде кутулат. Чымылдап
маарага жете албаса, уткан баланы көтөрүп маарага алып келет. Уткан бала
көтөрүп келатканда ха… хи… чү… деп мазактап ойноп күлүп келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × 3 =