БӨРҮ — КОЙ


Түндө бир топ балдар жайдын күнү чогулушуп алышып, эки жаат болушуп,
бир тарабы сырткы кийимдерин чечишип кой кылып жайып ташташат да, кой кайтарган болушат. Экинчи тараптагы балдар бүт карышкыр болушуп, жайып ташталган кийимдерди бирден келип, ала качышат. Койдун ээлери
карышкырларды жабыла кууп токмоктойт да кармап алышат. Бирден кармалып олтуруп, бүт колго алынса, алар кой ээси болушуп, кийимдерин кой кылып,жайып, беркилер карышкыр болушат.Бул оюнду жаш балдар да, чоңдор да ойношот. Оюн башталарда тегерек
тартып отурушат. Оюнга төрттөн адам катышат: 5, 6, 7, 10 болушу мүмкүн. Үч
киши катышса, оюн болбой калат. Себеби чүкөнү өкчөгөндө айкүр (алчы) консо, хан болот. Таа консо вазир болот. Чик консо, ууру болот. Бөк консо сопу болот.
Эгерде үч киши ойносо, бирөө ар дайым ууру боло берип, оюндун кызыгы кетип калат. Ошондуктан көбүрөөк киши ойносо, кызыктуу болот.
Адетте чүкө айкүр, таа аз конот. Ошого карап хан, вазир жай алмашат.
Оюндун шарты боюнча биринчи хан шайланышы керек. Чүкө айкүр
турмайынча катары менен өкчөй беришет. Качан айкүр конгондо өкчөгөн киши хан болот да, чүкөнү өкчөөдөн калат. Анын чүкөгө кол тийгизүүгө акысы жок. Ага кол тийгизсе, жыдып калат да хандыктан түшөт. Хан шайлангандан кийин таа
тургузган киши вазир болот. Ошондон кийин оюн жандуу боло баштайт. Анткени, андан кийин өкчөгөн кишинин чүкөсү чик болсо, дароо вазир: «Ууру кармадым» деп, кармап келет да, ханга кайрылат.
— Ханым, дат? — дейт вазир.
— Дартың болсо айт! — дейт хан.
— Ууру кармадым.
— Эмнеңди уурдаптыр?
Вазир: — Үч же беш коюмду уурдады — дейт. Же каалаган буюмдарын,
малдарын айта берет. Бирок мында оюндун башында ойногондор тарабынан
макулдашылган санды тактап айтканда, жуп санды же так санды гана айтыш
керек. Эгерде жуп санды айтууга макулдашып, так санды айтса (мисалы: 2, 4, 6, 8, дегендин ордуна 1, 3, 5, 7, деп алса) жаңылган катары түшүп калат. Вазир ууруну кармаганда 3 коюмду же 5 коюмду уурдаттым дейт. Эгер ал айтпайбыз деген (4,6) санды айтып алса, түшөт.
Ал эми хан кескенди жаңылып айтпайбыз деген жуп сандын эсебинде кессе
(мисалы: 4 билек (шап) ал десе) хан дагы түшүп калат.
Катары менен өлчөлүп жаткан чүкө айкүр же таа турса, вазир которулат.
Эгерде чүкө оңко турса, оюн бузулат. Кайта башынан ойнолот. Оюн кызыктуу
болсун үчүн, хан кармалган ууруларга ар түрдүү кесет. Мисалы: беш билек ал, беш укуй ал, беш төөматек, ж. б. Оюн ушул сыяктуу улана берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать + 20 =