ОРОМПОЙ


Балдар тепе-тең экиге бөлүнүшөт. Биринчи тараптан бир бала качат, берки
жааттын бир баласы оң бутун көтөрүп, алып сороктоп кууйт. Жерди тегерете
чийип, белгилеп коюлган болот. Бир тепкенде ал бала тышка чыгат, аны
үркүнчөөк байтал дейт. Ошо жааттын дагы бир баласы түшөт. Кууп жүргөн
баланын буту жерге тийсе, ал баланын оюну жыдып, калган жолдошторунан бир бала ордун алат. Бир тараптын балдары кууп жүрүп, үч баланы тепсе уткан болот. Кезектешишет. Уттурган жактын баласы качат. Уткан жаак кууйт да кармап, минип келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 × 3 =