БЕШИК ЫРЫ-4

КЫЗ БАЛАНЫ ТЕРМЕТКЕНДЕ

Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкей сенин түп энең,
Айчүрөк сенин чоң энең!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Айкөл баатыр Манаска,
Атайлап арнап ак олпок,
Ок өтпөс тиккен Каныкей!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкейдей уз болгун,
Калкың сүйгөн кыз болгун!
Энең сенин уз болгон,
Элин сүйгөн кыз болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы мол айлакер,
Алган жары кеменгер,
Аялдан чыккан уз болгон,
Айчүрөктөй кыз болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Эрендер менен аттанган
Элин жоодон сактаган
Элинде даңкы сакталган,
Караан Манас кымбаты,
Карача кандын кыз Сайкал,
Кыз Сайкалдай баатыр бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Кыраандар менен аттанган,
Кыргыздап ураан чакырган,
Кылымга даңкы сакталган,
Касташкан жоосун бас кылган,
Жаңыл мырза эжеңдей,
Жалпы элин сүйгөн баатыр бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ак эмгек менен жашагын,
Алыска кетсин атагың!


Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

20 − восемнадцать =