БЕШИК ЫРЫ-3

УУЛ БАЛАНЫ ТЕРМЕТКЕНДЕ
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң айкөл Манастай,
Баатыр болгун, эр болгун,
Кабылан болгун, шер болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң баатыр Манаска
Акыл насаат кеп айткан,
Бабаң Бакай, Кошойдой,
Акылы терең көл болгун,
Түгөнбөс казына, кен болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы терең деңиздей,
Кеменгер болгун, кең болгун,
Бардык элге тең болгун,
Эрдиги элде сакталган,
Эне сүтүн актаган,
Элин сүйгөн эр болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Арбашкан жоо туш келсе,
Жоого каршы аттанган,
Ансайын күчөп ташыган,
Аркырап аккан дайрадай,
Агыны катуу сел болгун,
Ата журт сүйгөн эр болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ата салтын уланткан,
Ардактап элин кубанткан,
Семетей, Сейтек бабаңдай,
Кызыл жалын чок болгун,
Атылып турган ок болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Куштар менен сүйлөшкөн,
Кушту таптап үйрөткөн,
Мүнүшкөр болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Жылкы менен сүйлөшкөн,
Жылкыны таптап үйрөткөн,
Саяпкер болгун бөбөгүм!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5 + десять =