АСИЯ

Созу: А. Файзиники
Обону: И. Шамсетдиновдуку

Чай ичебиз бал менен,
Бала-чакалар менен.
Бала-чака алты жан:
Ахмет, Нажип, Закиржан,
Зейнеп менен Галия,
Эң кенжеси Асия.

Чай ичебиз бал менен,
Бала-чакалар менен.
Балды жакшы көрөт ким? –
Кичинекей Асия,
Чынында ал кичине,
Келе элек эсине.

ЧУНГА-ЧАНГА

Созу: Ю. Энтиндики
Обону: В. Шаинскийдики

Чунга-чанга – жерге табылбас,
Чунга-чанга – кайгы кабылбас,
Чунга-чанга – мында бир келген,
Чунга-чанга – кетпейт бул жерден

Кайырма:
Укмуш арал, укмуш арал,
Мында келген жыргал табар,
Мында келген жыргал табар,
Чунга-чанга!
Биз бактылуу арал дейбиз,
Кокос жейбиз, банан жейбиз,
Чунга-чанга!

ЖӨЖӨЛӨРҮМ

Созу: C. Муталибованыкы
Обону: Г.Гусейнлиники

Чыйп, чыйп-чыйп, жөжөлөрүм,
Чыйп-чыйп, чыйп-чыйп, жөжөлөрүм.
Мамык жүндүү жөжөлөрүм,
Назик жүндүү жөжөлөрүм.

Кайырма:
Не жейсиңер мен берейин,
Суу берейин, жем берейин,
Ай менин жөжөлөрүм,
Ай менин жөжөлөрүм.
Назик үндүү жөжөлөрүм.

УЯ ЖАСАП БЕРЕЛИЧИ

Созу: Ш. Дуйшеевдики
Обону: М. Бегалиевдики

Балапандар үшүшөт го,
Бактан кулап түшүшөт го.
Бачым, бачым келсе экен деп,
Баарыбызды күтүшөт го.

Кайырма:
Уяң чөптөн тереличи,
Уста алып келеличи.
Уят болбой чымчыктага,
Уя жасап береличи.

Убарага батыгат го,
Улам уча качышат го.
Уясы жок дарактарда,
Уктай албай жатышат го.
Кайырма:

ЧООРЧУ БАЛА

Созу. обону М. Касейдики

Ободо чоорчу жаш бала,
Обон созсо чоорунда.
Ойдо, тоодо жаңырат,
Обончу бала колунда.

Созсо бала чоорунда
Сонун бир обон угулат.
Ала-Тоо ичин аралай,
Ал чоор (а) үнү кубулат.

Байыркы аспап чоорунда,
Бала тартса каныгып.
Күнү (да) бүгүн угулат.
Күүсү (бир) чоордун жаңырып.

Бешик ыры

Созу: Н. Жетикашкаеваныкы

Обону: С. Медетовдуку

Уясында балапан,

Уктап жатат карасан.

Алде-алдей бобокжан,

Уктай койчу, садаган.

Уктай гой, уктай гой.

Танкы чолпон бата элек,

Таттуу уйкун кана элек.

Уктатайын мен термеп,

Уктай койчу жан эрмек.

Уктай гой, уктай гой.

Бат чоноюп жетилип,

Баатыр жигит дедирип.

Кубандырып атанды,

Курсант кылгын апанды.

Уктай гой, уктай гой.

Селкинчек

Созу,обону: Бурулчаныкы

Бурулчанын селкинчек,
Буйдалбастан, мындай теп.
Бул турмушта кыз-балдар,
Бура тепкин селкинчек.

Асылкандын селкинчек,
Андай теппей, мындай теп.
Ал турмушта кыз-балдар,
Андап тепкин, селкинчек.

Кылымкандын селкинчек,
Кыя теппей мындай теп.
Кызыл жоолук селпиндеп,
Кыздар тепкин селкинчек.

Мен эркеси замандын

Созу: Д. Кененбаевдики
Обону: Ж. Шералиевдики

Ачып турмуш сырларын,
Айтып чексиз жыргалын.
Салтанаттуу доорума,
Салам коздун кырларын.
Мен эркеси замандын,
Эркин осуп бараткан.

Жаз, жай отуп, куз болуп,
Акыл жетип, куч толуп.
Жылдар жылга саналып,
Курчуп сезим козголуп.
Мен эркеси замандын,
Эркин осуп бараткан.

Сырын ачып нечендин,
Турмуш жолун кечермин.
Улуу доордо торолсом,
Уулумун да мекендин.
Мен эркеси замандын,
Эркин осуп бараткан.

Жур польканы издейли

Созу: Ж.Садыковдуку
Обону: Н. Давлесовдуку

Кана достор, кошулгула,
Бийлегендер сабына.
Болгун бачым, карап турба
Кан кошулсун канына.

Кайырма:
Жургуло, жургун достор,
Жургун достор жабыла.
Жургуло полька бийин,
Бийлейли биз дагы да.

Полька бийи бир сонун бий,
Чымыратат денени.
Жургун достор, кырка тартып,
Тегеренип келели.

БЕШИК ЫРЫ

Алдей, алдей ак бөбөк эй
Ак бешикке жат бөбөк эй
Энең келет жумуштан эй
Уйку даамын тат бөбөк ай
Өлай, өлай бөбөк жан эй
Ыйлабачы ай садага ай
Алдей, алдей бөбөк жан эй
Ыйлабачы ай садагаң ай
Өлай, өлай, өлай ай
Өлай бала өлай ай
Өйдө тартса өбөгүм эй
Ылдый бассам жөлөгүм эй
Айланайын бөбөгүм эй
Өлай, өлай бөбөгүм эй
Ыйлабачы садага эй
Бактылуу күндө төрөлдүң эй
Өлай, өлай ак бешик эй
Тегеренип кетейин эй
Улуу күндүн улугу эй
Кечириңдин шыргыйы эй
Кимдин уулу болду экен.
Апасынын алдында
Атасынын жонунда
Конуп турган кыргыйым эй
Өлай, өлай, өлай эй.

БАЛДАР ЫРЫ


Сурнай тартып ыр ырдап,
Жердин гүлүн теребиз.
Сонун-сонун таштарды
Издеп таап келебиз.
Катар-катар тизилип,
Гимнастика ойнойбуз.
Шайырлыкка берилип
Өзөн сууну бойлойбуз.
Жүргүлө балдар, жүргүлө
Жер кыдырып көрөбүз.
Ар бир ишке машыгып,
Чыйрак болсун денебиз.
Орундатпай койбойлу
Ойлоп турган талапты.
Самаганды үйрөтөт,
Заманыбыз жарашты.

САЛ БИЛЕК

Алдей, алдей ак бөбөк,
Ак боз жорго мал белек,
Алдей-алдей ак бөбөк,
Айран, кымыз ич бөбөк!
Сал-сал билек, сал билек,
Сары майга мал билек,
Коён эки кош билек,
Кошуп алган ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк!


БЕШИК ЫРЫ-4

КЫЗ БАЛАНЫ ТЕРМЕТКЕНДЕ

Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкей сенин түп энең,
Айчүрөк сенин чоң энең!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Айкөл баатыр Манаска,
Атайлап арнап ак олпок,
Ок өтпөс тиккен Каныкей!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Каныкейдей уз болгун,
Калкың сүйгөн кыз болгун!
Энең сенин уз болгон,
Элин сүйгөн кыз болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы мол айлакер,
Алган жары кеменгер,
Аялдан чыккан уз болгон,
Айчүрөктөй кыз болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Эрендер менен аттанган
Элин жоодон сактаган
Элинде даңкы сакталган,
Караан Манас кымбаты,
Карача кандын кыз Сайкал,
Кыз Сайкалдай баатыр бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Кыраандар менен аттанган,
Кыргыздап ураан чакырган,
Кылымга даңкы сакталган,
Касташкан жоосун бас кылган,
Жаңыл мырза эжеңдей,
Жалпы элин сүйгөн баатыр бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ак эмгек менен жашагын,
Алыска кетсин атагың!


БЕШИК ЫРЫ-3

УУЛ БАЛАНЫ ТЕРМЕТКЕНДЕ
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң айкөл Манастай,
Баатыр болгун, эр болгун,
Кабылан болгун, шер болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Бабаң баатыр Манаска
Акыл насаат кеп айткан,
Бабаң Бакай, Кошойдой,
Акылы терең көл болгун,
Түгөнбөс казына, кен болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Акылы терең деңиздей,
Кеменгер болгун, кең болгун,
Бардык элге тең болгун,
Эрдиги элде сакталган,
Эне сүтүн актаган,
Элин сүйгөн эр болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Арбашкан жоо туш келсе,
Жоого каршы аттанган,
Ансайын күчөп ташыган,
Аркырап аккан дайрадай,
Агыны катуу сел болгун,
Ата журт сүйгөн эр болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ата салтын уланткан,
Ардактап элин кубанткан,
Семетей, Сейтек бабаңдай,
Кызыл жалын чок болгун,
Атылып турган ок болгун!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Куштар менен сүйлөшкөн,
Кушту таптап үйрөткөн,
Мүнүшкөр болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Жылкы менен сүйлөшкөн,
Жылкыны таптап үйрөткөн,
Саяпкер болгун бөбөгүм!

БЕШИК ЫРЫ-2

(2-вариант)
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Аста балам, ыйлаба,
Апаңдын жанын кыйнаба!
Эстүү балам, ыйлаба!
Энеңдин жанын кыйнаба!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Элин багып, сыйлаган,
Эл менен бирге жыргаган,
Эмгекчи болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Калкын багып, сыйлаган,
Калк менен бирге жыргаган,
Камкор болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Корооң толгон койлуу бол,
Өрүшүң толгон малдуу бол,
Кампаң толгон дандуу бол!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Өнөрүң менен өргө чап,
Эмгегиң менен элге жак!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Колунан көөрү төгүлгөн,
Өнөрү көзгө көрүнгөн,
Өнөрпоз болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Курулушту куп билген,
Куруу ишин төп билген,
Уста болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Илимдин кенин издеген,
Илимди тапса сиз деген,
Илими жаккан элине,
Илимпоз болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Ырдын кенин ыргаган,
Ырдаса эли жыргаган,
Ырчы болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Сыртынан сындап адамды,
Келечегин кең билген,
Бардык жагын тең билген,
Сынчы болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Адамга тийип пайдасы,
Тамырдан билген ооруну,
Табып болгун бөбөгүм!
Алдей, алдей бөбөгүм,
Алдей, алдей бөбөгүм!
Уккулуктуу үнү бар,
Булбулдун ширин тили бар,
Чечен болгун бөбөгүм!

АЙЛАНАЙЫН АЙ САРЫМ

Алдей, алдей бөбөгүм,
Айланайын ай сарым,
Туурдуктан сапсарым,
Түлкү ичиктин сүлөөсү,
Сулуу кыздын күйөөсү.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кандын кызы кайнысы,
Бектин кызы жеңеси,
Туруп салам бергенде,
Сарымдын шылдыр теңгеси.
Алдей, алдай бөбөгүм,
Ыйлаба, балам ыйлаба,
Ата-энеңди кыйнаба,
Эл жайлоодон түшө элек,
Арпа буудай быша элек.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Куштун жүнү калпагың,
Эл сүйбөсө сүйбөсүн,
Өзүм сүйгөн аппагым,
Ыйлаба, балам ыйлаба
Апакеңди кыйнаба,
Алдей, алдей бөбөгүм.

БЕШИК ЫРЫ

(1-вариант)
Алдей алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк,
Куйругуна той бөбөк.
Алдей алдей бөбөгүм,
Алдей бөпөм ыйлаба,
Менин жаным кыйнаба,
Атаң тойго кетиптир,
Аккисе толгон эт келет.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Энең тойго кетиптир,
Эмчеги толгон сүт келет,
Алдей бөбөк ыйлаба,
Эжекеңди кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Кырма табак кырдырба,
Кыруусу менен куйдурба,
Куруу кыйнап эжеңди,
Кокуйлатып кыйнаба.
Алдей, алдей бөбөгүм,
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу,
Алдей, алдей бөбөгүм,
Садагасы кетейин,
Сарысына жетейин,
Ат тээп ийгенсип,
Томолонуп кетейин