Ата-журт – Кулунбек Адамкулов


Ар намыс, адал эмгек, ата мекен,
Жүрөктөн конуш жайлап орноп бекем.
Астыртан ой жүгүртсөм бул үчөөнө,
Кадырлап баштагандан жылыйт чекем.
Сүйөмүн жаным бирге деген менен,
Билгенге сыры терең татаал экен.

Бакыттын ачкычы го адал эмгек,
Бүтсө иш бирогу бар жыйып термек.
Жумуштун көзүн таанып тилин билип,
Зоболом көтөрүлүп көңүл сергек.
Турмуштун нечен ой-дөң тоскоолдорун,
Кечмек парз, кыйналса да чыдап жеңмек.

Машыгып төгүлдүбөйм колдон көөрүм,
Кеткендей тагы калбай тилден сөөлүм.
Устаттан шакирт өтүп чыга келдим,
Боз атчан сыр билгендей алсыз жөөнүн.
Чет элге жумшашты эле кеттим каалап,
Баскандай күбөлөнтүп тагдыр мөөрүн.

Адистик таянычым арка жөлөк,
Меймандай сыйлатса да атай бөлөк.
Башымдан ылдый алтын куйса дагы,
Кетсем дейм ата журтка андан көрөк.
Кош өмүр уласа да тойдум кечтим,
Сунса да кере жутар мелт-калт мүрөк.

Чет элде кунарсыздай бакыт-дөөлөт
Койгондой жамаачылал тепчип төөнөп.
Ал жарда кадыр-барктын бийлиги акча,
Зөөкүрлүк кете бермей акты көөлөп.
Бармакты кесе тиштеп чыдайсың го,
Чоюлуп узаргансыйт үч жыл мөөнөт.

Кетүүнү чыдамсыздан күткөн кезим,
Мөңкүйбу жүрөктү кой туйлап безим.
Дал чектен бери өтөрдө кысынсам да,
Каректи чымчыгансып ички сезим.
Эреркеп эске түшүп элестепмин,
Керимсел ата журттун жайлоо кечин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 × 2 =