О,Ата журт! – Ташмат Арыков


Мен адаммын саа таза,
Менден өзүң кереметтүү жаа жаса.
Барып туруп сайылайын көзүнө,
Эгерде ким кан согушту кааласа.

Ашып-ташып кубат берип жаш жанга,
Көргөн сайын, көңүл учат асманга.
Эмнегедир мен жашара түшөмүн,
Тууган жердин топурагын басканда.

Мени ысытпайт айылымдын аптабы,
Мени үшүтпөйт кыштын ызгаар чачканы.
Айылыма барып калган кездерде,
Билбей калам ырахаттан башканы.

Бала кезде мен ойногон сай мына,
Жаштыгыма күбө болгон жай мына.
Нe касиет бар экенин билбеймин,
Барган сайын баргым келет айлыма.

Тууган жерге кеткен жол
Басам аны күндүзүндө көңүл жай,
Басам аны турган кезде асманда ай.
Тажабастан баса берем бу жолду,
Ысыгынан, суугунан жазганбай.

Гүлдөр жайнап мага таазим кылгансыйт,
Торгой сайрап мага шаттык кургансыйт.
Теңдеши жок кымбат нерсе мен үчүн
Ушул жолдун аягында тургансыйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 × два =